Өлкөдө 4-декабрдан 5-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды сактоо керек.