Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңешке техникалык каражаттарды алууга эл өкүлдөрү көмөк көрсөтүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.
"Бир топ депутаттардын, бир, эки курулуш компаниянын жардамы менен имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. 11 миллион сомдук тендер жарыялаптырбыз. Компьютер, ноутбуктардын жарымын өзүбүз алсак жакшы болмок. Бюджетке жакшы күч болот эле", - деди ал.