Жайыл райондук милициясы аялдын жаагын сындыра чапты деп шектелген пенсионерди кармады

Жайыл райондук милициясы аялдын жаагын сындыра чапкан пенсионер кишини кармады. Бул тууралуу Жайыл райондук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, райондук ооруканага бетинен жаракат алып, жаагы сынган аял алып келинген.

Укук коргоо органдарынын ыкчам аракетинин негизинде шектүү катары Чүй облусунун 64 жаштагы О.О. аттуу тургуну кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери уланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан