Ош облусунун Өзгөн районунда жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жеңил унаа 6 жашар кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-декабрь күнү саат 11:30 чамасында болгон. Анда айдоочу Өзгөн районунда жеңил унаа менен 6 жашар кызды сүзүп кеткен.
"Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну Б.К. Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаасын батыштан чыгышка карай башкарып бара жатып, 6 жаштагы Х.Я. аттуу кызды сүзүп алган. Натыйжада жабырлануучу денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Учурда кыздын абалы канааттандырарлык, ал эми тергөө иштери улантылууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.