Бишкекте "батир сатам" деп алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык кылып жүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү З.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын март айынын башында Каралаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирдин бирин сатуу шылтоосу менен О.Т. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, алдоо жолу менен 100 миң 150 доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Ал берген убадасын аткарбай из жашырып качып кеткен.

"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышты жасоого шектелип, 1987-жылы туулган О.Т. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-12-04 22:02:44
Документин тактабай туруп 100миң $берген өзүндө дагы күнөө барда деймда!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан