Түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта кар жаайт. 5-декабрга карата аба ырайы
Эртең, 5-декабрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыш тараптан келген шамалдын алдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет. Ошондой эле зарыл жумуш жок болсо, тоолуу, узак жолдорго сапарга чыкпоого чакырат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 … -8, күндүз -2 … -7;
Талас облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз -2… -7;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -3 … +2, күндүз -2 … +3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз -4 … +1;
Нарында түнкүсүн -8 … -13, күндүз -2 … -7 градус суук болот.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4 … -6, күндүз -3…-5 градус суук болот.
