Бүгүн, 7-декабрда өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына медициналык багыттагы буюмдар, дезинфекциялоочу каражаттар жана дары-дармектер берилди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, медициналык каражаттарды тапшыруу иш-чарасына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Рахат Жапаров, "Сорос-Кыргызстан" коомдук фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов, Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Айбек Муканбетов катышып, өз ара кызматташуу маселеси талкууланды.
"Аталган иш-чара COVID-19ка каршы туруунун жана өкмөттүн коронавирус инфекциясына каршы аракеттенүү ишинин алкагында болуп, жалпы суммасы 5 миллиард 492 миллион 600 миң сомду түздү. Медициналык каражаттар "Сорос-Кыргызстан" коомдук фонду тарабынан берилди", - дешти мекемеден.