Сот иши уланууда. Орусияда 8 жоокерди атып өлтүргөн аскер кызматкери күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алды

Орусиянын Забайкалье крайындагы аскер бөлүктө сегиз жоокерди атып салган жоокер Рамил Шамсутдинов күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Шамсутдиновдун адвокаты Равиля Тугушева жоокер бул кадамга барганда өзүн жоготуп, көзөмөлдөй албай калганын билдирген.

"Шамсутдинов буга чейинки сот отурумунда жоокерлер аны бир канча күн бою уктатпай, кыйнашканын айткан. Каргашалуу окуя болгон күнү аябай уйкусу келгенин, ок аткан маалда да, кармалганда да башы маң болуп турганын билдирген. Ал окуя болгон учурду "баары туман сыяктуу болду" деген.

Жоокерге адвокаты "эгер аны бир канча күн уктатпай коюп кыйнашпаганда мындай кадамга барат белең?" деген собол салганда, ал "мындай кадамга бармак эмесмин" деп айткан.

Шамсутдинов былтыр октябрь айында камакка алынган. Коргоо министрлиги жоокер ур-токмоктун айынан ушундай кадамга барды деген дооматты жокко чыгарган.

Ал эми ушул жылдын март айында Чита шаарында сот армиядагы кызматташы Шамсутдиновго "чоңсунуп, ыдык көрсөткөн" деп айыпталган Руслан Мухатовду шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыраткан. Сотто прокурорлор сегиз адамдын өлүмү менен аяктаган окуяга Мухатовдун Шамсутдиновго кылган мамилеси себеп болгон деген жагдай далилденбегенин билдиришкен.

Сот иши шаршемби күнү улантылат", - деп жазылат маалыматта.

2019-жылы Орусияда Рамиль Шамсутдинов аттуу аскер кызматкери өзү менен бирге кызмат өтөгөн 8 жоокерди атып өлтүргөнү кабарланган. Анын бул ишке барганына аскер бөлүгүндө кордук көргөнү себеп болгону айтылган. Андан соң жоокердин жазган каты жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан