Жалал-Абадда эпидемиологиялык абалга байланыштуу 118 миң 51 окуучу аралыктан билим алышууда

Жалал-Абад облусунда 153 мектептин 118 миң 51 окуучусу аралыктан билим алышууда. Бул мектептер "эпидемиологиялык абал туруксуз" деген аймактарда жайгашкан. Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ырысбек Ызабеков маалымдады.

“Ушул жылдын 11-ноябрынан тартып Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, 2020-2021-жылдын 2-чейрегинде эпидемиологиялык абал туруктуу аймактардагы 322 жалпы билим берүүчү мектептерде 133 миң 682 окуучу реалдуу режимде, ал эми эпидемиологиялык абал туруксуз аймактардагы 153 жалпы билим берүүчү мектептерде 118 миң 51 окуучу аралыктан билим алып жатышат”, - деп билдирди ал.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, салттуу түрдө билим алып жаткан окуучулар арасында санитардык талапка ылайык аралыктар сакталып, мектептерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, окуучулардын ден соолугунун коопсуздугун сактоо максатында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун аймагында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муктаждык болбосо коомдук жайларга, соода түйүндөрүнө жана башка эл көп чогулган аймактарга барбоону, үйлөрүнөн чыкпай туруусу эскертилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан