Депутаттарды митингчилер Ак Үйдүн алдынан тосуп алышты. Акылбек Жапаров аскер кызматкерлеринен эмнеге кечирим сурады? Күн ичинде орун алган саясий кабарлардын жыйындысы бир шилтемеде

Бүгүн, 10-декабрь. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Депутаттарды митингчилер Ак Үйдүн алдынан тосуп алышты

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин алдында референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна каршы митинг өттү. Алар парламенттин тарап кетишин талап кылышты. Укук коргоочу Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жана башка жарандык активисттер 6-чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн билдиришип, ал референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароого жана кабыл алууга укуксуз экенин белгилешти.

Кечээ аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев "Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум" деген оюн айткан. Бул мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште каралып экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Вице-спикер АКШнын элчиси мамлекеттин ички иштерине аралашпоосу керектигин эскертти

Вице-спикер Мирлан Бакиров АКШнын элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички иштерине аралашпоосу керек экенин айтты.

"АКШ менен 1990-жылдан бери дипломатиялык мамиледе жашап келе жатабыз. Акыркы мезгилде "тажрыйбалуу" деп эсептелген 28 жылдык элчилик тажрыйбасы бар элчи Дональд Лу мамлекетибиздин ички иштерине аралашып, сот жана тергөө иштерине таасир эте тургандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги үстүртөн өзүнүн жообун берди. Ал кишинин пикири бир мамлекеттин пикири катары бааланат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын да атын атап, "кайдан жайдан пайда болду" деп жатат. "Мекеним Кыргызстан" партиясы 2015-жылы каттоодон өтүп, бир топ шаардык кеңештин шайлоолоруна катышып, ийгилик жаратып келген. Ошондуктан мындан ары дипломатиялык келишимдерди сактоосуна сунуш берет элем", - деди ал. Буга чейин АКШ элчилиги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. Анда "АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт", - деп жазылган.
Буга чейин АКШ элчилиги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү тараткан.
"АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт", - деп жазылган.
Тышкы иштер министрлиги АКШ элчилигин өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.
Тайырбек Сарпашев 500 гектар жайыт жерди кайтарып берүү боюнча үн катты

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан сурак берди. Андан чыгып ал журналисттерге 500 гектар жайыт жерди кайтарып берүү боюнча комментарий берген.

Андан журналист жер эмненин негизинде кайтарып берилгенин сурады. "Бул жайыт жерин айылда атам ижарага алган. Атамдын көзү өтүп кетип мал агаларыма калды. 30 гектар жерди дагы агаларым иштетет. Ал 2008-жылы алынган. Менин ага тиешем жок. Бул жерлер боюнча айылдан арыз келе берет. Мен саясатта жүргөндөн кийин саясий оппонеттерим бар. Бирөөнү жамандоо менен өздөрүнө пиар кылганга көнүп алгандар бар. Ушундай сөз көбөйбөсүн деп ижарага алынган жер кайтарылды", - деди ал.

27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган.

Депутат Сайдулла Нышанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеевге ушундай иштерди жүргүзүү зарыл экенин айтты.

"Сиз жакында бир жигитибизден 500 гектар жерди кайтартып алдыңыз. Бул жакшы. Элдин баарына бирдей шарттар түзүлүшү керек. Үлүшүн көбөйтүп алгандарды текшерип койсоңуз жакшы болот эле", - деди ал.

Сыймык Жапыкеев бул маселе эске алына турганын билдирди.

Депутат Пакистанга нота жөнөтүүнү сунуштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Жумалиев Пакистандын Кыргыз өлкөсүнүн медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча ТИМ нота жөнөтүшү керек экендигин айтты.

"2-октябрь күнү Пакистандын медициналык кеңеши Кыргыз мамлекетиндеги медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизди деп жарыяланган. Тышкы иштер министрлигине кат жаздым. Пакистандын медициналык кеңешмесинин мамилеси Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүү деп эсептейм. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги тез аранын ичине Пакистандын өкмөтүнө, парламентине нота жөнөтүшү керек. Кыргыз мамлекетинин 18 медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени менен дүйнө жүзүнө уят кылды", - дейт ал.

Буга чейин Пакистан Кыргыз өлкөсүнүн медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизген. Андан кийин Пакистандын басылмалары Кыргыз өлкөсүндөгү 4 медициналык ЖОЖдорду кара тизмеден чыгаргандыгын жазып чыккан.

Бишкектеги Эл аралык медицина университети Жумалиевге тийиштүү. Окуу жайды анын жубайы, ырчы Роза Аманова жетектейт.

Акылбек Жапаров аскер кызматкерлеринен эмнеге кечирим сурады

4-декабрда Акылбек Жапаров "катардагы лейтенант 12 миң сом менен пенсияга чыкса, 35 жыл иштеген мугалим 4 миң 900 сом пенсия алат экен" деп парламенттик угууда билдирген.

Социалдык тармактарга депутат Акылбек Жапаровдун аскер кызматкерлеринен кечирим сураган видео кайрылуусу тарады.

Маалыматтарга караганда, кечээ, 9-декабрда аскер кызматкерлери тегерек стол өткөрүп ага Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров да катышкан. Анын жыйынга катышуусуна буга чейин аскер адамдарынын пенсиясы тууралуу билдирген пикири себеп болгону айтылат.

Видеодо Жапаров: "Урматтуу кыргызстандыктар, күн сайын Жараткандын алдында буга чейин билип-билбей кылган жумуштарыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Бүгүн мен куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлиринин өкүлдөрү, алардын жетекчилери менен жолугуп кечирим сурадым. Эгерде пенсиялык, социалдык фонддун келерки жылкы бюджетин айтып жаткандагы ойлорум жөнүндө туура эмес сүйлөп алсам же болбосо туура эмес оюмду түшүндүрүп алганымды ал жерде тактап айтып бердим...", - деген жеринен видео токтоп калганын көрүүгө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан