"Алкап жатышат". Орусиядагы кыргыз мигранттары көчө тазалап жатып пародия аткарышты (видео)
Социалдык тармактарга Орусиянын Москва шаарындагы кыргыз мигранттары иш үстүндө рэпер Моргенштерндин "Кадиллак" ырына тарткан пародиясы тарады.
Пародияда клиптеги кымбат баалуу унаалар курулуш машинасына жана эски велосипедге, ал эми артта туруп жарым-жылаңач болуп бийлеген бийчилерди орус апалары алмаштырган.
Бул видеонун алдына көпчүлүгү жылуу пикирлерин калтырышып, ал тургай Моргенштернди чакырыкты кабыл алып, бир күндө тазалоочулардын ордуна иштөөгө чакырышкан.
Орусиядагы кыргыз мигранттары көчө тазалап жатып ырдаган пародия мактоого алынууда