Бүгүн, 18-декабрь күнү саат 9:20га карата 1 доллардын улуттук валютага карата баасы 80 сом 90 тыйындан 81 сом 20 тыйынды түздү.
"Акчабар" финансы порталына жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөнүн коммерциялык банктарында долларды сатып алуу 80 сом 50 тыйындан 80 сом 80 тыйынга чейин болсо, долларды сатуу 80 сом 90 тыйындан 81 сом 20 тыйынды түздү.
Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 83 сом 14 тыйын деп көрсөтүлгөн.