Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын каарманы - таланттуу жаш акын Тилекбек уулу Эржигит. Ал 1998-жылы Чүйдүн Панфилов районундагы Тельман айылында төрөлгөн. Ошол эле айылдагы Карыпбек Жумагулов атындагы орто мектебин аяктаган.
2016-жылы борбор калаадагы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Бүгүнкү күндө ЭлТР МТРКсында эмгектенип келет. Аталган телеканалда "Умтулуу", "Спорт майданы" көрсөтүүсүн даярдап калың элге чагылдырып келүүдө.
Ал эми ыр жазуучулук улуу өнөргө чыйыр салуусу окуучулук кезинен тарта эле башталган. Көптөгөн адабий ийримдерге катышып, бир нече сыйлыктарды алган. Бүгүнкү күндө бир үй-бүлөнүн кожоюну, бир баланын атасы.
Сары кыз.
Эх сары кыз, жүзүң нурдай жаркырап,
Ууртундагы уячаңдан күн чыгат.
Илебиңе жылый түштү курган жан,
Жүрөгүмө жандырдың го шам чырак.
Жылдыз жанган каректериң мөлтүрөп,
Карап менин сезимдерим түрткүлөйт.
Байкоосуздан кармап назик колуңду,
Жүрөк булкуп эки көзүм мөгдүрөйт.
Алоолонуп күйөт жүзүм кызарып,
Ысып денем муздап кайра чыңалып .
Бир өзүңдү көргөнүмдө а менин,
Тилден чыкпай сөзүм калат буйдалып.
Билбейм сенде кандай болду элестер,
Жаркын күнүм далил анан себепкер.
Айлуу түндүн таң атышын күтөйүн.
Үмүт артып жан дүйнөмдү жибитер.
Бактым чындап сенсиң балким башкадыр,
Жалындаган ишеничим бир сенде.
Эркин учпай кончу бутак шагыма,
Уя салып доорун сүргүн жеримде.
Жүрөгүмдөн орун алып сары кыз,
Айлана көр түбөлүктүү периме.
Жаз сүйүү
Кездештирдим келгениңде айылга,
Көркөмүң гүл айдай сулуу татына.
Калпысынан айдан түшкөн окшойсуң,
Кудай буйруп салып менин бактыма.
Күтүүсүздөн ачып кирип эшиктен,
Байкоосуздан бир өзүңө кезиктим.
Отурду элең бир сыйкырдуу сахнада,
Бастым дагы бир өзүңө тигилдим.
Баш көтөрүп көргөнүңдө кокустан,
Зырп дей түштү ансыз деле байкуш жан.
Карааныңды окшоштуруп бирөөгө,
Карай бердим ошол турган ордумдан.
Эстеп кеттим аа баягы кездеги ,
Эң алгачкы ошол сүйүү эстеги.
Жылынаарга илеби жок күн сымал,
Арман сүйүү такыр эстен кетпеди.
А сен болдуң айдарым жел шамалдай,
Бакка урунуп кете бердин кайрылбай.
А мен болсо кала бердим аркада,
Табаармын деп тилек кылып ичтен жай.
Ашык сезим жанданып жаздын убак,
Жүрөктөгү сырлардан кепти курап.
Жалганым жок бул ырым оргуп чыкты
Ашыктыктын сезимин ачып турат.
Сүйүүнү да жаз чакырган болсо эгер,
Арнап жаздым эх жаз сүйүүм сага окшоп.
Мектеп жана Окуу жай
Мектеп бүтүп окуу жайга багыт алып,
Баштап күчтүү дем менен чымырканып.
Кызыгын кой кыйынын кеп кылайын,
Шагыл таштай баратам майдаланып.
Мектебимде мугалим кыргыз тилдеп,
Билим берсе кадырын эч ким билбейт.
Камдап даяр ашыңды берсе дагы,
Ылгап анан чайноого дарман жетпейт.
Борборуңда орус тил тамыр жайган,
Лекция жазат колдорум тайраңдаган.
Жазганын кой орусча бир сөз билбейм,
Дудук жандай сөздөрүм тилден калган.
Барбай калсам мектепке үйдө калып,
Шылтоо айтам эртеси башты салып.
Тапшырманы сураса, келбегем деп,
Сөзүм даяр калп эле жүзүм жарык.
Окуу жайда бул кылык өтпөйт сынат,
"Нб" деген белгилер жүзүң бузат.
Тапшырмам жок дегенге тилим даабай,
Жан дүйнөмдү коркунуч алды чулгап.
Он сүйлөмдү алдастап айтып анан,
Кыйратчуудай асмандан бааны табам.
Күйпөлөктөп сүйүнүп беш алдым деп,
Көйрөңдөнүп мактанып үйгө барам.
Он сүйлөмдү ченеп,бычуу болбойт чындап,
Студенттин кептери жолдой узаак.
Жазган лексия дептерде так болбосо,
Бешиң турсун журналды эки булгайт.
Чейрек мезгил келгенде колдор талып,
Текшерүү иш,жат жазуу кайра жазып.
Куйруктанган экини өзгөртчү элем,
Төрттөн -бешке ашырып улай салып.
Сессия,модуль казаны кайнап улам,
Тыпыраган студент бир байкуш жан.
"Д" га калса жүгүрөт айла жоктон,
Болгон тыйын-тыпырын жумшап араң.
Мектеп менен окуу жай билим кени,
Келечектин түз жолу бүтпөс чеги.
Айырмалап ажырым бөлүп турган,
Тартип анан жашоосу бийик жери.
Алдыга кадам шилдеп арыш салып,
Келүүдө жолун курап тамып тери.
Бар болгун, алгалай бер билим кени.
Мени сүйбө.
Сүй же сүйбө сөз башатым ушунда,
Улап кепти удургутуп чукулга.
Мээлей аткан жаанын болгон жебеси,
Мен тарапка каршы терши тукурба.
Балкып чыгып күйүт тарткан денемден,
Сүйүү дартын түп тамырдан жеңем мен.
Бир өзүңдөн сураанарым бул ак сөз,
Унутулбай орун алсын тереңден.
Мени сүйбө байлыкты сүй сулуу жан,
Мансаптууга башыңды ий кургун шаң.
Айрымабыз тоодой экен чынында.
Мен бере албас бакыт берээр жакындан.
А мен сени ичтен карап сүйгөн оң,
Жетпээрим чын жеңилүүгө калган соң.
Унутаармын убакыттан жол издеп,
Башка жанга көз түшкөнчө ортодон.
Сен сулуусуң теңин чындап башкалар,
Байманалуу үй жайы бар жакшылар.
А мен эмне сокур тыйын дилдем жок,
Жан дүйнөм бай бирок сага аз чыгаар.
Бере албасмын байлык менен бакытты,
Алтын динар, баалуу каухар жакутту.
Жылуу сөздөн мээримиме чаңкытам,
Айтчы чындап бул кылганым аздыкпы.
Ооба билем айткын келбейт кеп козгоп,
Не кыласың кемпай жанга үн коштоп.
Айласыздан кеткендирсиң кол булгап,
Башка менен кол кармашып түр оңдоп.
Туу тутканым таза сүйүү ашыктык.
Билбейм сенде кандай ойлор багыттык.
Кургак кумду суу үстүнөн жуугандай
Биз да ошол көрүнүштөй жол алдык.
Ортобузда кандай элес калды экен
Кош булактай бирикпеген жашчылык.
Тирүүлүктүн заманы.
Оң көзүӊ көрбөй, сол көзүӊ тартат убайын,
Жакшыӊды бир сөз бүтүндөй жууйт ылайым.
Сол канат сынса,оӊ канат сыздайт кайрылып,
Турмуштан күйүп тартпасын адам муӊайым!
Төрт мезгил минтип бир жылды курайт толуктап,
Маӊдайга жазбай бактыӊа кантип жолукмак.
Телегей тегиз дүйнө-мүлк бирдей төп келбейт,
Жеӊилген күнүӊ жеӊишке таптайт толуктап.
Күлгөндүн баары жакшы эмес жанга уу чачат,
Калп эле колдоп сыйрытмак салат кучактап.
Жашоодон күлүп жеӊгенди гана үйрөнгүн,
Ыйлактык жайга бет кылат турмуш тузактап.
Заманыӊ бара алмашып адам өзгөрөт,
Жакшыны кошуп жаманды бирдей көз көрөт.
Көрүстөн болуп сөз менен чайпап иште жок,
Чоркоктор менен көкүрөк боштор элде көп.
Билбестик кадам кыйшайтып ээрден кулатып,
Адамдар жүрөт өз жанын алдап жубатып.
Кыпындай секунд,мүнөтүн текке кетирбе,
Кайрылып кайра мүмкүндүк бербейт убакыт.
Үнөмдүү сарптап ийгилик карай сапар ал,
Тирүүлүк өтүп өлүмгө жаздайт убакыт.