ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2020: Түбөлүгү түз болбой, ажырашып кеткен шоу-бизнес өкүлдөрү

Агы менен карасы, ачуусу менен таттуусу эриш-аркак жүргөн турмушта табышуу, ажырашуу болуп келет. Чычкан жылын узатып жатып эл көзүндөгү белгилүүлөрдүн жашоосу кандай нукка бурулганына көз салдык. Бул жолу түбөлүгү түз болбой, эки башка жолго түшкөн белгилүүлөрдү тизмектеп көрдүк.

Ырчы Бурул Арунова жолдошу Эрнис Турсун уулу менен 2020-жылдын январь айында ажырашканын, ага үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонун айткан. Түгөйлөрдүн ажырашуусу соттун кароосуна чейин жеткен.

Февраль айында "Жылаңач баатыр" реалити-шоусунун катышуучусу, ырчы Саниа күйөөсү менен эки ажырым жолго түшкөнү белгилүү болду. Ал ажырашуу оор болгонун, артка жол жок экенин билдирген.

Эске салсак, Саниа жолдошу экөө көп жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан.

Март айында алып баруучу, журналист Канышай Рысбекова жолдошу менен ажырашканын ачыктап, бул процесс кош бойлуулуктун экинчи айында болгонун айткан.

"Ажырашуу темасын жолдошум көтөрүп "балаңды төрөсөң төрө, төрөбөсөң кой" деген тандоо койгон. Мен баламды сактап калууну тандадым. "Жардам береби? Баласын жакшы көрөбү?" дегендерге жооп, анча-мынча акчалай жардам берет, кээде жок, баласына 1-2 айда 5-10 мүнөт көргөнгө убакыт табат. Ага таарынычым жок, болгону бакыт каалайм!" - деген.

Канышай Рысбекова 2017-жылдын 30-ноябрында Нурлан аттуу мырзага турмушка чыгып, 1-декабрь күнү мыйзамдуу түрдө никеге турушкан. Ал эми 12-декабрда борбордогу тойканалардын биринен заманбап үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн.

"Карындашым", "Энекем" ырларын аткарган ырчы, Айдана Деканын бир тууган агасы Канат Деркембаев жубайы менен расмий түрдө ажырашканын айтып чыккан. Айтымында, ырчы мырза келинчеги менен 2 жылдан бери чогуу жашабай жүргөнүн, ушул жылы ажырашуусун расмийлештиргенин билдирген.
Канат Деркембаев жубайы экөө бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.

Алпаруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен ажырашканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомго октябрь айында айтып чыккан.

Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. Түгөйлөр 2019-жылы кыздуу болушкан.


“Министрдин кызынын махабаты” тасмасында Зинанын ролу менен таанылган актриса Роза Азимбаева дагы бул тизмекти толуктады. Актриса жолдошу менен эки башка жолго түшкөнү октябрь айында маалым болду.

"Жолдошум экөөбүздүн максатыбыз, тилегибиз, аракетибиз бир болгон жок. Экөөбүз эки башка адам болуп чыктык. Июль айында ажырашканбыз", - деген ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Lordbek
2020-12-26 00:23:27
Могу Максат Надырбеков такыр жакпайт көз карашы
+6
Akjas
2020-12-26 10:05:18
Lordbek,
Туура эле жаздынбы? Максат бул жерде Кандай тиешеси бар
-1
arimaz89
2020-12-26 04:50:38
Бактылуу болгула баарыңар! Ар бир пенде бакыттуу болууга татыктуу.
+7
Apyn8793
2020-12-26 20:35:35
Роза Азимбаева январда эрге тийсе кайра эле июнда ажырашыптыр
-2
Nina.alex
2021-01-01 22:23:32
Apyn8793,сынтакпа
0
Deniza88
2020-12-26 23:18:00
Айдана Деканын агасынын келинчеги аябай т атынакай экен
0
aida007
2020-12-27 10:32:26
Ар биринер тугой таап бактылуу болгула ылайым ар Бир Адам бактылуу болгонго татыктуу
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан