Бишкекте СССРдин эл артисти, залкар опера ырчысы Артык Мырзабаевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кече-концерти өттү

Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, залкар опера ырчысы Артык Мырзабаевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кече-концерти өттү. Бул тууралуу Мадният, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Кечеге президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана Артык Мырзабаевдин сахналаштары, замандаштары, шакирттери, туугандары катышып сөз сүйлөдү.

Концертке опера жана балет театрынын азыркы учурдагы көрүнүктүү солисттери катышып, көрөрмандар Артык Мырзабаевдин репертуарындагы опера арияларын жана вокалдык чыгармаларды, дүйнөлүк вокалдык классикалык чыгармаларына күбө болушту.

Артык Мырзабаев 1930-жылы Кызыл-Аскер айылында жарык дүйнөгө келген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жаш өспүрүм улуулар менен тең катар колхоздо иштеген. Аны “1941-45-жылдарда Ата Мекендик согушка кошкон салымы үчүн” медалына да көрсөтүшкөн.

1949-жылы Артык Мырзабаев Фрунзедеги музыкалык хореографиялык окуу жайына келип кирип, экинчи курсту аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик филармониясынын хорунун артисти болуп кабыл алынат. 1954-жылы окуу жайын бүтүргөндөн кийин Артык Мырзабаевди А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына иштөөгө чакырышып, ал “Айчүрөк” операсындагы Семетей партиясы аркылуу тааныла баштаган.
Өмүр арнаган театрда Артык Мырзабаев баритон үчүн жазылган орус жана чет элдик классикалык опералардын асыресе бардык партияларын аткарган. Бул “Фаусттагы” Валентиндин, “Травиатадагы” Жермондун, “Лакмедеги” Фредериктин, “Дон Карлостогу” Родриго ди Позанын, “Иолантадагы” Роберттин, “Евгений Онегиндеги” Евгений Онегиндин, “Кармендеги” Эскамильонун жана башка партиялар эле. Артык Мырзабаев кыргыз классикалык операсында бир катар жаркын образдарды жараткан талант катары да эсте алды.

Өзгөчө уккулуктуу баритондун ээси гана болбостон, Артык Мырзабаев эң таланттуу драмалык актёр катары да тааныла алды. Ар бир партияда ал көрөрмандарды өзгөчө үн керемети менен гана эмес, эң сонун, жеткиликтүү аткарылган драмалык ролдор аркылуу да тарта алды. Залкар ырчы катышкан опералык спектаклдер замандаштары үчүн эстен чыккыс элес калтырган.

Артык Мырзабаев 2005-жылы дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан