Жаңы жылдык лайфхак: Көп убакыт коротпой туруп эле баланы белек менен кантип таң калтырса болот?

Жакында майрам! Демек, балдарга эмне белек берсем деген ой күндөн-күнгө күчөп барат. Эмне берүү керек, кантип көңүлүн калтырбай, сүйүктүү балаңызга сюрприз жасоого болот? Бала канча жашта болбосун алар үчүн таттуулар эң кубантуучу белек болуп келет.

Албетте, мындай белекти өзүңүз даярдасаңыз деле болот, бирок ал көп убакытты алат жана түйшүктүү. Даамы жана сапаты жагынан эң мыкты таттууларды тандоого убакыт көп кетет. Бирок, бул көйгөйдү оңой эле чечсе болот - жаңы жылдык, кооз таңгакталган даяр белекти эле сатып алсаңыз болот.

Эгер сиз ушундай сатып алууну чечсеңиз, анда белекти ишенимдүү дүкөндөн алуу зарыл. Бул кепилденген сапатка жетүүнүн бирден-бир жолу!

Дагы бир маани берүүчү жагдай - бул ассортимент. Ар бир белек берүүчү өзүнүн белегинин башкалардыкынан айырмаланып турушун каалайт эмеспи.

Globus дүкөндөр тармагы кеңири тандоону камсыз кылат - супермаркеттердин ар бири сизге белектердин 77 түрүн сунуштайт!

Ар бир белек топтому уникалдуу жана балдар абдан жакшы көргөн жаңы, эң жогорку сапаттагы ар кандай даамдуу таттуулардан турат. Эгерде таттуулардын курамы сиз үчүн маанилүү болсо, анда ал кутуда толугу менен көрсөтүлгөн жана таттуулардын ар бир түрүн өзүнчө бөлүп көрсөңүз болот. Ошондой эле, таңгактагы белектин жалпы салмагы, алардын азыктык баалуулугу, белоктордун, майлардын жана углеводдордун тең салмактуулугу, сактоо мөөнөтү, сактоо шарттары жана даярдалган күнү (таңгагы) жазылган.

Өзүнчө тема - бул фирмалык белектер. M&M's жана Nesquik! Жаңы жылдык топтомдо аталган бренддин таттуулары салынган. Эгер балаңыз таттуунун белгилүү бир брендин жактырса, анда ар кайсы дүкөндөрдөн шоколад жана батончиктерди сатып алуунун кажети жок. Болгону Globusка барып, фирмалык таңгактан белек тандоо керек.

Баса, таңгак жөнүндө – таңгактың өзү да белек. Жаңы жылдык балатылар, коңгуроолор, түстүү картондордон жасалган кичинекей үйлөр жана укмуштай ордолор балдарды кубандырат. Анан дагы көп жолу колдонула турган ланчбокстор, ал тургай атайын рюкзактар ​​да бар. Эгерде сиз ушундай белекти тандасаңыз, анда Жаңы жыл майрамынан кийин майрам балаңыздын эсинде көпкө чейин сакталат.

Белектер баасы боюнча айырмаланат - 75 сомдон 1000 сомго чейин жана салмагы 100 граммдан 1,5 килограммга чейин. Өзгөчө мектептеги, бала бакчадагы, спорттук секциядагы же ийримдеги Аяз Атадан алган белеги балаңызды көп деле таң калтыра албаса, бирок балаңыз ажайып, жомоктогудай белектин бар экенине ишенсе, бизден тандаган белегиңиз анын ишенимин актоого абдан ыңгайлуу. Эреже катары, ата-энелер андай белектерге аз акча коротууга аракет кылышат, анткени негизги бюджет үйдөгү "балаты" сюрпризине кетет. Ошол эле учурда, кичинекей (салмак боюнча) белек да мыкты таттуулардан жасалат, ошондо балаңыз эч качан көңүл сыртында калбайт!

Ар түрдүү белектерди Globus тармагынын бардык дүкөндөрүнөн алууга болот. Туура, сиз бардыгын көрүүгө үлгүргүңүз келсе, шашылыңыз белектердин саны чектелүү. Ал эми Жаңы жылдын алдында эле сатып алууну чечсеңиз, анда калган нерселердин арасынан тандоого туура келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан