Технологиянын өнүгүшү жашоону жеңилдетип күнүмдүк турмушубузду өзгөртөт. Мисалы, бала менен кошо чоюлуп чоңоё берген кийим. Баарыбыз эле билгендей, бала 4 жашына чейин бат чоңоюп, көп кийимдери аз убакыттын ичинде эле батпай, жаңысын алып бергенге туура келет. Дал ушул себептен Улуу Британиянын дизайнери Райан Марио Ясин бөбөк менен кошо 7 өлчөмгө чейин чоюлган кийимди тигип чыккан.
Экстремалдык эс алуунун жана сейилдөөнүн күйөрмандары от жагуучу элементи бар фонарикти жактырышса керек? Сөз Flash Torch Mini жөнүндө болуп жатат. Анын жогорку режими ширенкенин ордун ээлейт, фонариктин жарыгы ушунчалык күчтүү болгондуктан от жагып же идишке суу ысыта алат.
"AKASO" мини камерасы тууралуу уктуңуз беле? Бул аппараттын салмагы 36 грамм, калыңдыгы 50 миллиметрди түзүп, эң кичинекей жана жеңил салмагы менен айырмаланат. Жашооңуздун ар бир көз ирмемин сүрөткө, видеого тартып калуу эми оңой жана ыкчам болот.