Фотокитеп - сүрөттөр топтому эмес а сиздин тарых! Мындай белек бардык майрамдарда тартуулоого ыңгайлуу. Мисалы орто муундагы же жаңы үй-бүлө курган жакындарыңызга берүү менен аларды кубанта аласыз.
Сүрөттөрдү басып чыгаруунун жаңы, кыйла пайдалуу жана кооз ыкмасын сунуштайбыз. Китеп жогорку сапаттагы жана бышык материалдардан жасалган. Өзүңүздүн идеяңызды
www.pb.kg онлайн редактору менен биргеликте ишке ашырып, каалаган фотокитепти алсаңыз болот. Мындай белекти буюртма кылуу үчүн Ибраимов 24 дарегинде жайгашкан имараттын 3-кабатындагы 304-кеңсесине кайрылыңыз.
Фотокитепти өзүңүз каалаган темада жасатсаңыз болот, мисалы балаңыздын бактылуу көз ирмемдерин өзүнчө, саякатка чыккан учурдагы, үлпөт тойдогу, мааракелердеги урунттуу учурларды бир китепке камтысаңыз болот.
"Beren Gold" ювелирдик борборунан зер буюмдар. Дээрлик бардык айымдын жүрөгүн, көңүлүн багындырууда чоң роль ойноп келген алтын жана күмүш зер буюмдары Жаңы жылга мыкты белек болуп саналат. Зер буюмдардын бардык түрлөрүн бир эле жерден алууну каалап жатсаңыз "Beren Gold" дүкөнүнө бет алыңыз. 13 жылдан бери уникалдуу зер буюмдарды рынокко чыгарып келе жаткан ювелирдик борбордо алтын, күмүштүн 75 миңден ашуун түрү бар.
Зер буюмдар үчүн Үсөнбаев 106 (Чүй кең көчөсү менен Абдырахманов көчөсүнүн кесилишинде) дарегине кайрылыңыз.
Борбордун эшиги саат 10:00дөн 18:30га чейин ачык, тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт.
25-31-декабрь күндөрү "Beren Gold" ювелирдик борбору кардарлар үчүн саат 20:00гө чейин кызмат көрсөтөт.