Германияда окуп, карылар үйүндө иштеген мекендешибиз: "Бул жакта медицина тармагында билимиңиз болсо, ишсиз калбайсыз" (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)
SUPER.KG порталы чет өлкөдө окуп, иштеп жаткан мекендештердин учурдагы абалы, аталган өлкөдөн алган таасирлери тууралуу баяндап берүүнү улантат. Бүгүнкү каарманыбыз Азизбек Усен уулу учурда Германиянын Штутгарт шаарында окуп, эмгектенип жатканын айтып, аталган өлкөдөн алган таасирлери, кызыктуу окуялар, алдыга койгон максаттары тууралуу айтып берди.
Азизбек Усен уулу 1994-жылы 3-январда Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төөлөс айылында жарык дүйнөгө келген. Ош Технологиялык колледжинин финансы-кредит бөлүмүн аяктаган. Андан соң Ош мамлекеттик университетинин германистика адистигинде билим алган. Учурда Германиянын Штутгарт шаарында окуп, эмгектенип келүүдө.

- Германияга билим сапарыңыз кандай болду? Ал жакта билим алып калышыңызга себепкер инсандар, жагдайлар тууралуу айтсаңыз.

Германияда эмгектенип жүрүп, группалашымдын сунушу менен Штутгарт шаарына азыркы эмгектенип жаткан карылар үйүнө жумушка орноштум. 3 ай өзүмдү сынап иштеп көргөндөн кийин аталган жерде келишим менен бир жыл FSJ программасы (Бул студенттер үчүн эң ынгайлуу программа. Иштеген акыңызга акча төлөнөт. Батириңиз акысыз болот. Андан сырткары тил курсуна да акча төлөп беришет) менен иштедим. Ошентип бир жылдык FSJ программасынан кийин 2020-жылдын сентябрь айынан баштап, медицина тармагында билимимди улантып жатам.

- Эмне үчүн медицина тармагын тандап алдыңыз?

Германияда медициналык колледждердин биринде билим алып жатам. Бул тармакка тапшырганымдын себеби бул жакта медицина тармагы өнүккөн, андан сырткары медициналык персоналдар жетишсиз. Бул жакта медицина тармагында билимиңиз болсо ишсиз калбайсыз.

- Карылар үйүндө бир жыл иштептирсиз. Ал жактагы улгайган адамдар менен биздин чоң ата, чоң энелерибизди салыштырып көргөн чыгарсыз...

Албетте, негизи эле улгайган адамдар менен иш алып баруу өтө кыйын. Бир жагынан кызыктуу. Ар кандай кызыктуу окуялар болуп турат. Жашы өткөн адамдардын көңүлү да жаш балдардын көңүлүнө окшош болуп калат. Кичине нерсеге эле капа боло беришет. Дагы бир өзгөчөлүгү жаш өзгөчөлүгү бул жакта көпчүлүгү 90 жаштан өткөндөн кийин көз жумушат. Бир жолу бир улгайган апанын айткан сөзү эч эсимден кетпейт. - Ишинди жакшы көрөсүнбү? - Жакшы көрөм. - Ооба, сага өзүндүн ишиң жагат. Берилүү менен өзүнө берилген тапшырманы аткарасың. Бул кетиште сен узакка барасың деген.

- Жумуш учурунда кызыктуу күндөр көп болот дедиңиз. Ошол күндөрдөн айтып өтсөңүз.

Бир жолу бир бейтабымды кийинтип, эртең мененки тамактанууга алып чыгып келе жаткам. Экөөбүз жакшы эле жетелешип, сүйлөшүп келе жатканбыз, эмне болгонун билбейм бир учурда экөөбүз залдын ортосуна жыгылып түшкөнбүз. Дагы бир кызыктуу окуяны айтып берейин, бир жолу бир кесиптешим бир бейтапты дааратканага отургузуп, унутуп калып үйүнө кетип калыптыр. Канча өткөнүн билбейм, бир учурда тазалык жактан "Hallo,hallo" деген чыгат. Барып карасам бейтап жерде жатат. Өзү турам деп жыгылып түшүптүр (күлүп).

- Жашоодо эң кызыктуу күндөр студенттик күндөр деп айтылат эмеспи. Сиз дагы студенттик күндөрүңүз тууралуу айтсаңыз.

Студент кезде жакшы күндөр өткөн. Эстесем студент болуп ачка калган күндөрүм деле болбоптур. Сабактан кийин бир белгилүү кафелердин биринде бармен болуп эмгектенгем. Бош убактым дээрлик болбоптур деле. Эртең менен түшкө чейин университетте андан соң тил курсуна, курстан чыгып жумушка барчумун.

- Канча стипендия аласыз?

Бул жакта окуулар дээрлик акысыз. Ошонун негизинде мен да бюджеттик бөлүмдө билим алуудамын. Айына 1117 евро стипендия алам.

- Германияда Жаңы жыл майрамына даярдыктар кандай жүрүп жатат?

Жаңы жыл бул жакта өтө маанилүү майрам. Даярдыктар өтө жогорку деңгээлде. Бирок азыркы кырдаалга байланыштуу 10-январга чейин карантин. Кафе, ресторан, бардык көңүл ачуучу жайлар убактылуу жабык.
Каарманыбыз Германияда жүргөнү менен ою Кыргыз өлкөсүндө экенин билдирди. Мекенине болгон чоң сагынычын айтып, сөзүн жыйынтыктады.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bazana
2020-12-25 11:44:37
Кантип барганын сурагылачы, Кандай кылып барса болот.
0
nursiyanur
2020-12-26 23:06:50
1117евро байго
0
Raatbek700
2020-12-27 00:27:22
Мени дагы бироо жарым чакыргылачы Турцияга болсо беле боло берет
0
Asanali
2020-12-27 18:14:41
Дискотека.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан