Садыр Жапаров: "Үлгүлүү сот системин түзөбүз!"

“Кыргызстанга “ак” же “көк” үйдүн коңгуроосу аркылуу чечим чыгарбай турган көз карандысыз соттор керек. Алар чынчыл, коррупциялык иштерге катышы жок болууга тийиш. Эгерде эл мени президент кылып шайласа, анда Ак үй тарабынан сотторго эч кандай кысым болбойт, биз муну камсыз кылабыз. Буга биздин күчүбүз да, эркибиз да жетет”.

Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзүнөн.

Акыркы жылдарда биздин өлкөдө болуп жаткан төңкөрүштөрдүн жана саясий тирешүүлөрдүн себептеринин бири – бул соттордун адилетсиздиги. Соттордун ишине биринчи кезекте бийликтин тең салмактуулугу көз каранды. Ошондуктан 2020-жылдын ноябрында түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин башкы максаттарынын бири – сот реформасын жүргүзүү.

Конституциялык өзгөртүүлөр бийликтин жоопкерсиздигин жоюуга негиз болуп берет.

Садыр Жапаров соттордун ишин конституциялык деңгээлде кайрадан карап чыгууну жана үлгүлүү сот системин түзүүнү колдойт.

“Сотторду реформалооротациялоо гана эмес, алардын иш механизмин жакшыртуу. Аны менен бирге сот курамын жаңылоо - бул акырындык менен ишке аша турган процесс”, - деди С.Жапаров.

Садыр Жапаровдун премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматына келиши менен Кыргыз Республикасында экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо тармактарында реформа жүргүзүү боюнча активдүү иштер башталганын белгилей кетүүгө арзыйт.

«Сот жана укук коргоо органдарынын дарегине көптөгөн дооматтар түшүүдө. Акыркы жылдар жана бүгүнкү күн – бул биздин улуттук муң кайгыбыз. Адамдар милициядан коркот, сотторго болсо ишеним жок. Өлкөбүздүн шайын оодарган коррупция эң эле коркунучтуу шишигин мына ушул чөйрөлөргө жайылткан. Сот жана укук коргоо органдары тезинен реформаланууга муктаж жана биз муну оңдоонун үстүнөн иштеп баштадык”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал белгилегендей, 30 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде адам ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарына тамырлашып кеткен коррупцияны жоюу үчүн жана ошондой эле Кыргызстандагы пайдубалдуу эркиндиктерди өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн коррупцияга каршы талыкпаган күрөш негизинен ачык-айкын иштеген соттор аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.

“Сот системине кандай реформа керек? Учурда бул боюнча Конституциялык кеңешмеде талашып-тартышуулар жүрүп жатат. Конституциянын долбоору референдумга коюлат. Андан кийин элдин келечеги, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн реформалар уланат. Албетте сот реформасын мен жалгыз ишке ашыра албайм. Ошондуктан сот системин жана сот өндүрүшүн ичинен жакшы билген жана түшүнгөн адамдарды чогултабыз. Сотторду мына ошолор аркылуу тандайбыз жана андан кийин дайындай баштайбыз.

Конституциялык өзгөртүүлөр бизге БИЙЛИКТИН ЖООПКЕРСИЗДИГИН ЖОЮУГА негиз болуп берет!

КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ БҮГҮНДӨН БАШТАЛАТ!


САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

№1 ҮЧҮН!

Кененирээк www. zhaparov.kg сайтынан окуңуздар

Аткаруучу: "SUPER.KG"; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Жибек-Жолу көчөсү 381. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы:1. 2020-жылдын 21-декабрь күнү даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.12.2020-ж).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Chungyz
2020-12-25 10:25:37
Онолбойт окшойт баары жылат окшойбуз башка олкого
+3
Shabi
2020-12-25 11:43:46
Улгулуу сот ушулбу,карапайым элдин1000сомун жеген адамды20сом берип бошотот,ал мамлекеттик кызматка кайра келип баяагы Берген 20сомду кайрале 40сом кылып жеп кетет.
+4
Shabi
2020-12-25 11:52:59
Shabi,муну айтсан эле,камап не кылтасынар,турмодон муну дагы багып дейсинер,киши олтургон,зордуктаган адамды деле турмодо багып жатабыз го,ал жаза,эмнеге карапайым,сенин менин чонтогубуздон уурдаган адамды,Темир тордун тубуно камап да,жеген акчасын кустургандан да коркобуз.2жазаны тен колдонсо коптук кылабы
0
Maks_shop
2020-12-25 13:26:47
Умут чон болчу Садырда бирок акыркы убакта создору бири бирине топ келбей жатат эмнегедир ишенбей калдым мамлекети ойлогон адам Кыргызстандын баарын толтуруп банер илдирип ошончо акча короткондун эмне кереги бар, эл озу тандайт кимди шайлашты, ошол банерлерсиз деле эл шайламак
+3
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-12-26 00:05:15
Ишенич калбады биринерге да!!! Мен кетем бул олкодон!!!
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-12-26 00:06:21
Бийлике барганда баары эле озгоруп кетет турбайбы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан