"Дагы бир мутациясын таптык". Африкада вирустун жаңы түрү пайда болду

Коронавирустун дагы бир жаңы түрү Нигерияда табылды. Бул тууралуу Африкадагы ооруларды алдын алуу борборунун жетекчиси Жон Нкенгасонгго таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Азырынча бир нерсе айтуу кыйын. Бирок биз Африкадагы алдыңкы тажрыйба борбору менен биригип жасаган изилдөөбүздө коронавирустун дагы бир мутациясын таптык. Бирок аны тереңдеп изилдеп көрүү керек", - деп билдирген Нкенгасонг.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерланддар, Дания, Австралия жана Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү пайда болгонун билдирген. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени айтылып, калкты этият болууга чакырган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Batma.Sh
2020-12-25 12:44:09
Өзүңөрдөн ашпасын!Жок болуп,житип,кургап калсын!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан