Казакстандын Түркстан облусунда өспүрүм кыз кош бойлуу болуп калган. Кызды зордуктоого анын өгөй атасы шектелип жаткандыгын облустук милициянын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда облустук ооруканага бойго жете элек кош бойлуу кыз ичи ооруп түшкөн. Дарыгерлер кыздын жети айлык боюнда бар экендигин билип, андан соң бул боюнча милицияга билдиришкен.
Кызды зордуктоого анын өгөй атасы шектелип, укук коргоо органдары тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүү жасаган кылмышын толук моюнуна алган. Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.