Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаарлардын мэрлери, райондук жана облустук мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кышкы жылытуу мезгилинин өтүшүнө, азык-түлүк коопсуздугуна жана социалдык маанидеги тамак-аштын баасынын деңгээлине өзгөчө көңүл бурду.
Артём Новиков буга чейин облустун түзүмүндөгү олуттуу үлүштү өнөр жай ээлегенин, айрыкча өндүрүш ишканалары аймактын экономикасынын локомотиви болгонун белгиледи.
"Азыр облустун өнөр жай өндүрүшүнүн 50 пайыздан ашууну тоо-кен тармагына туура келет. Региондун өнөр жай потенциалын жандандырууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, бул үчүн бардык шарттар, анын ичинде чийки зат жана энергетикалык ресурстар бар".
Жолугушуунун жүрүшүндө Артём Новиков чакан жана орто бизнести колдоонун зарылдыгын белгиледи.
"Бүгүн Жалал-Абад шаарынын чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен пландан тышкары жолугушуу болуп өттү. Алар менен аймакты өнүктүрүү боюнча долбоорлорду талкууладык, алар өз ойлорун ортого салышты. Булар өз өндүрүшүн кеңейтип, иштөөгө жана инвестиция салууга даяр болгон келечектүү балдар. Бирок алар жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү колдоого ээ эмес. Мамлекет тараптан ишкерлерге колдоо болбосо, реалдуу сектор өнүкпөсө биз алдыга жыла албайбыз. Биз ишкерлерге шарт түзүп беришибиз керек. Алар салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүн жана бүтүндөй аймактын өнүгүшүн камсыз кылат. Облустун туристтик дарамети да толук пайдаланылбай жатат.
Инвесторлор жана ишкерлер тынчсызданбашы керек, аларды колдой турган облус жетекчиси, анан да өкмөт бар экенин билүүгө тийиш. Ушул маселелердин бардыгы жергиликтүү деңгээлде чечилиши кажет, бул үчүн сиздерде бардык ыйгарым укуктар бар. Өкмөт өз кезегинде бардык демилгелерди колдоого даяр", - деди Новиков.
Жыйындын соңунда Артём Новиков өкмөттүн облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге бизнес тармагы менен биргеликте 2021-жылга карата Жалал-Абад облусун өнүктүрүүнүн келечектүү долбоорлорунун картасын даярдоону тапшырды.