ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2020: "Ээн калган шаарлар, дем алуу баркы...". 2020-жылы дүйнөдө орун алган олуттуу окуялардын топтому

2020-жылдын астанасын аттаар замат дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети босогону кошо аттагандай сезим калтырды. Кытайдын Ухань шаарынан чыккан вирус дүйнө жүзүнүн бир топ шайын алды. Аты жаман илдет адамдардын жашоо образын алмаштырууга аргасыз болсо, экономика төмөндөп, аба каттамдары учпай калды. Анда, баары кандай башталганын башынан айта кетели.

2019-жылы декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясына караштуу Ухань шаарында сасык тумоого эле чалдыгып калгандай ооругандар каттала башталган. 31-декабрда кытай медиктери 44 бейтаптын симптомдору бирдей экенин, анын 11инин абалы оор экенин айтышкан. Бирок оорунун козгоочусу белгисиз болуп, бул аралыкта сырдуу тумоого чалдыккандардын саны көбөйө берген. Ал эми бул оорунун биринчи өлүмү 9-январда катталган.

Аталган вирус дүйнөнүн ар бир бурчуна жетип, бардык өлкөлөргө карантин режими киргизилди. Мындан улам көчөлөр ээн калып, кулак-мурун кескендей тынчтыкка бөлөндү.

Коронавирус дүйнөнүн 191 өлкөсүндө катталды. 28-декабрга карата жалпы 80 миң 788 миң 307 адам аталган вирустан жабыркаса, 45 миллион 699 миң 299 бейтап оорудан сакайды. Тилекке каршы, 1 миллион 764 миң 872 адам каза болду. Коронавируска тиешелүү бардык кабарларды төмөнкү шилтемеден окуй аласыз.

Пандемия маалында баарыбыз алапайыбызды таппай, балбылдаган үмүт, ишеним менен дүйнөлүк окумуштуулардын вакцина жасоо ишин карап отуруп калдык. Алгач эле көңүл кубантарлык жаңылык Орусиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турган дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаганы болду. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.

2019-2020-жылдары Австралиянын түштүк-чыгышында 11 миллион гектар аянтты ээлеген токойлор өрттөнүп, 7 миллиардга жакын бак-дарак күлгө айланган. Аталган өлкөдө 2019-жылдын июнь айынан 2020-жылдын февраль айына чейин токой өртүнүн кесепетинен 3 миллиардга жакын жаныбар, 143 миллион сүт эмүүчүлөр, 2 миллион 500 миң сойлоочулар, 180 миллион канаттуу жана 51 миллион бака жабыр тарткан. Мындан сырткары 2019-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын март айына чейин токой өртүнөн 34 адам каза болгон.

2020-жылы Ливандын борбору Бейрут шаарындагы Порт аймагында катуу жарылуу катталды. Анда аталган аймакка жакын жайгашкан үйлөрдүн, ошондой эле жарылуу очогунан бир нече чакырым алыстыкта ​​жайгашкан имараттардын терезелери талкаланган. Бейрут портунун кампаларынын бириндеги жарылуудан кеминде 171 адам каза болуп, 6 миңге жакын жарандар жаракат алган. Жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыкканы айтылган.

30-октябрда Түркиянын батыш тарабында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчүн 6,9 балл деп баалашкан. Жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 115ке жетсе, 1 миң 35 адам жаракат алган.

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкыны Индия, Иран, Австралия, Ооганстан жана Түштүк Корея өлкөлөрүндө катталды. Мунун кесепетинен жүздөгөн адамдар каза болгон.

26-сентябрь түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыккан. Анда таң аткыча эки өлкөнүн аскерлери кагылышкан. Мындан улам аталган аймакта абал курчуган. Тоолуу Карабахта Армения-Азербайжан кагылышуусу башталгандан бери, тагыраагы, 27-сентябрдан 9-ноябрга чейин Армениянын 2 миң 317 аскери курман болгон. Бул тууралуу Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Алина Никогосян билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.

Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.

Жогоруда жазылгандар дүйнөдө болгон окуялардын ири масштабда гана болгондору. Бул жылы дүйнө жүзү үчүн оор жылдардан болду. Жаңы жылда дүйнөдө жалаң жакшы жаңылыктар көп болсун!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aikosh001
2020-12-29 11:26:42
Кийинки жыл жакшы жылдардан болсун, Аминь
+1
Asmat84
2020-12-31 19:48:06
Aikosh001, Аамин Аамин Аамин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан