Сокулук районунда өгөй атасы тарабынан сабалган 6 жаштагы баланын иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу жактоочусу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, баланын абалы турукташууда.
"Бала учурда Ат-Башыда таенеси менен жашайт. Ал эми анын апасы көз жарды. Бирок баласынан кабар алган жок. Өгөй атасы да кабар алган жок", - деди жактоочу.
Эске салсак, Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, 18-ноябрда 6 жашар баласын өгөй атасы эч себепсиз сабап салганын билдирген. Иликтөө иштери Сокулук РИИБине тапшырылган. Андан кийин баланын апасы күйөөсүн кечиргендигин жана арызын кайтарып алып, доолорунан баш тартууну каалагандыгын билдирген. Милиция шектүүнү кармаган. Бирок сот аны үй камагына чыгарды. Бул окуя боюнча ишти башкы прокуратура көзөмөлгө алган. Учурда 6 жаштагы Рамазан убактылуу таенесинин карамагында.