О! Мобилдик оператору бардык кыргызстандыктарды келе жаткан майрамдары менен куттуктайт жана O!Store дүкөндөрүнүн жана ostore.kg интернет-дүкөнүнүн кызматынын майрамдык иштөө графигин билдирет.
2020-жылдын 31-декабрында бардык O!Store дүкөндөрү менен сатуу жана тейлөө кеңселери саат 16:00гө чейин иштейт.
2021-жылдын 1-январында бардык кеңселерде жана интернет-дүкөндө дем алыш. «Азия-Молл» соода борборундагы бир гана O!Store дүкөнү саат 12:00дөн 22:00гө чейин иштейт.
2021-жылдын 2-январынан тартып төмөнкү дүкөндөрдөн башка бардык O!Store дүкөндөрү, ostore.kg интернет-дүкөнү менен сатуу жана тейлөө кеңселери штаттык режимде ишин улантышат:
О! маалыматтык сурап билүү кызматынын операторлору сиздер үчүн дем алышсыз иштешет. Пайда болгон суроолорду сиз каалаган учурда «Мой О!» тиркемесиндеги консультанттарга жазып, же Facebook, Instagram, «ВКонтакте», «Одноклассники», Twitter социалдык тармактарда жеке билдирүүлөдү жөнөтүү менен чечип алсаңыз болот.
Биз сунуштайбыз
Жаңы жылда байланышта болуу үчүн балансыңызды толуктап алыңыз! Балансты бардык О! кеңселеринен жана O!Store дүкөндөрүнөн, О! фирмалык терминалдарынан же компаниянын промоутерлеринен толуктап алсаңыз болот.Толуктоо жайларынын бардык даректерин шилтеме аркылуу o.kg сайтынан билсеңиз болот.
Ага чейин O!Storе дүкөндөрү туугандарыңыз менен жакындарыңыз үчүн белек алып кетүүгө чакырат. Дал азыр ар түрдүү акциялар жүрүп жатат. Дүйнөлүк алдыңкы бренддердин смартфондорунун жана аксессуарларынын кеңири ассортименти бар.
Белектер үчүн – O!Store дүкөндөрүнө.