Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, илдет аныкталган ак халатчандын экөө тең Бишкек шаарында катталды.
Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен жалпы 4 миң 114 кызматкер жабыркаса, алардын ичинен 3 миң 918и сакайды.