Дүйшөмбү - Бишкек каттамы боюнча учуу январь айынын аягына жылдырылды. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, "Эсал Трэвел Групп" кыргыз туристтик агенттиги 29-декабрдан баштап "Сомон Эйр" аткарган Дүйшөмбү - Бишкек - Дүйшөмбү багыты боюнча чартердик рейстер башталгандыгын жарыялаган. Бирок жүргүнчүлөрдүн жетишсиздигинен улам, туристтик агенттик бул чартердик каттамды кийинкиге калтырууга аргасыз болгон. Анткени сатып алынган билеттердин саны рейстин чыгымын жапкан эмес. Эми бул багыттагы биринчи каттамды учак толгондо, болжол менен январь айынын аягында жүргүзүү пландалууда.
"Тажикстан авиакомпаниясы Дүйшөмбү-Бишкек-Дүйшөмбү каттамынын учуу күнүн январь айынын аягында маалымдайт. Ага ылайык жүргүнчүлөр билеттерди алдын ала ээлеп алышы керек", - деп жазылат маалыматта.