super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 86 миллиондон ашык адам жуктуруп алды

 

Бүгүн, 6-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 86 миллион 379 миң 672 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 48 миллион 417 миң 799 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 867 миң 585 адам илдеттен каза болгон.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 21 миллион 44 миң 20 болду. 357 миң 156 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 356 миң 844 адамдан аныкталды. 149 миң 850 адам каза болсо, 9 миллион 975 миң 958 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 810 миң 400 адам вируска кабылган. 197 миң 732 бейтап көз жумса, 6 миллион 994 миң 845 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159559;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: