"Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын дипломдору таанылсын". Пакистанда медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү митингге чыгышты

Жүздөгөн дарыгерлер жана студенттер Пакистандын борбору Исламабад шаарында өкмөттөн Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын дипломдорун таанышын талап кылышууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, медициналык окуу жайлардын эки миңдей бүтүрүүчүлөрү жана студенттери 7-январда Пакистандын Медициналык комиссиясынын алдына чогулушту. Анда алар Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын дипломдорун аталган өлкөдө таанылышын талап кылып чыгышкан. Аларга полиция таяктарды колдонуп, суу чачып тараткан.

Ал эми митингчилер тартип коргоочуларга каршы таш ыргытышты. Бактыга жараша, жаракат алгандар болгон эмес. Айрымдары кармалып, кийин бошотулган.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү болгон пакистандыктардын 90 пайызы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө алышпайт жана алардын диплому Пакистан Ислам Республикасында таанылбайт деген жүйөө менен Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык окуу жайлардын бардыгын кара тизмеге киргизгени айтылган.

Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп,
Пакистан Кыргыз өлкөсүнүн 4 медициналык окуу жайын кара тизмеден чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан