КПЛ: "Алай" клубунун дарбазачысы Канттын "Абдыш-Ата" клубуна өттү

Оштун "Алай" футболдук клубунун белгилүү дарбазачысы Дастан Алыбеков Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-Лигасынан билдиришти.

24 жаштагы Дастан Алыбеков "Алай" клубунда эки сезон өткөрүп, быйылкы сезондо Кыргыз Премьер-Лигасында күмүш медаль жана өлкө Кубогун жеңген. Ал былтыркы сезондо "Алайдын" катарында жалпы 17 оюнга катышып, 6 жолу дарбазасын кургак сактап калган.

Дастан Алыбеков "Алай" клубунан кетерин былтыр ноябрь айында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан