ИИМдин өкүлү Султан Маликов жарандарды Ысык-Көлгө бекер ташыган автобустар боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-январда маалымат жыйында билдирди.
"9-январда Садыр Жапаровдун тарапташтары тарабынан үгүт иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган. Акысыз Ысык-Көлгө адамдарды ташып жатат деген сөздөр болгон. ИИМ териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул маалымат тастыкталган эмес", - дейт ал.