Адахан Мадумаров: "Добуштардын заматта чыгып жатканы алдын ала даярдалган программа"

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өттү. Бардык шайлоо участкалары саат 20:00дө эшигин жаап, добуштар саналып, алдын ала жыйынтык айтылууда.

Өзүнүн штабында маалымат берген президенттикке талапкер Адахан Мадумаров добуштар жасалган деп эсептейт.

"1 жарым миллион жаран парламенттик шайлоого катышканда алгачкы жыйынтыктар бир топ сааттан кийин, тагыраагы, арадан күн өткөндөн кийин белгилүү болгон. Азыр болсо добуштар алгачкы мүнөттөрдөн тартып заматта эле чыгып жатат. Бул деген алдын ала даярдалган программа.

Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында талапкерлер Жапаровдой көп добуш алган учур болгон эмес. Алардын аз да болсо тартынуу деген болгон", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Scorpion_09
2021-01-10 22:44:35
Адахан чычалабай кетчи ,Элдин унун уккун жок окшойт ээ?
+10
bessmertiy
2021-01-10 22:55:39
Ээ сагызган элге чыгып сурап көрчү элдин атынан сүйлөбөй
+10
uli1234
2021-01-10 22:55:50
Адахан Бут шайлоодо ушинтет дам алчы
+8
Sofiya05
2021-01-10 23:15:47
Алдын ала айтат да 20:00 дө баары урнадан эсептелген чек чыккандан кийин
+5
Azat-123
2021-01-10 23:19:45
Олигархтар менен карапайым элдин ортосунда ачык эле бийлик талаш болуп Президенттике шайлоо болду. Эл тарап утту.
Садыр президент болду.
Мадумаров Канат Исаевтерге олигархтар тарапка өтүп кетсе да утулуп калды.
+3
mirlanpiter
2021-01-10 23:23:02
Замандан артта калган окшойт, себеби үйүндө 1кг ун,1л май жок , чөнтөгүндө смартфон телефон эмес кирпич Нокиа бар болушу мүмкүн....анан маалымат дароо пайда болсо таң калыштуу да албетте
+3
Usmanali
2021-01-11 00:51:53
Бул бир жерге отура албай калган окшойт
+1
AidaKurman
2021-01-11 01:01:04
Эмнеси болсо да тынччылык болсун элибизде.
+1
ika8086
2021-01-11 01:14:18
таза шайлоо ушундай бат чыгат,сатып алынган добуш топтойт %тин чыгаруу учун.Тарыхта калчу эн таза шайлоо болду,билбейм акча бергендер мага мынча добуш болуш кк деп жунун жулуп жатат.Фейктер женилген талапкердин тарапташтары деп ойлойм
+3
mirkaa5182
2021-01-11 08:35:12
Бул Мадумаров туулганына да нааразы болсо керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан