Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган 1 учур катталды. Республикалык штабдан кабарлашкандай, илдет аныкталган кызматкер Ысык-Көл облусунун тургуну.
Ал эми бир суткада стационардан – 2, үй карантининен - 5 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети 4 миң 147 кызматкерден аныкталса, алардын ичинен 4 миң 14ү сакайды.