super.kg logo

"Чачын өрүп күйөөгө узатабыз дедик эле..." Караколдо өрттөн каза болгон Нурайымдын ишке ашпай калган тилектери тууралуу жакыны айтып берди

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Кыргыз Бургер” тез тамактануучу жайы күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы Нурайым Аманкалиева аттуу кыз каза болсо, 6 адам жаракат алды.

Кырсыктан каза болгон Нурайым Аманкалиева 20 эмес, 18 жашта экенин маркумдун жакындары билдиришти.

"Ооба, биздин Нурайка бул дүйнөдөн эрте кетти. Эмне десек да буйрук экен, ажал экен кан жутуп кала бердик.

Нурайымдын апасы 6 жыл мурда көз жумган. Үй-бүлөдө жалгыз кыз, бир туугандардын кичүүсү болчу. Мүнөзү аябай токтоо, эч кимдин көңүлүн оорутпаган эң эле боорукер, эң эле жароокер, супсулуу, мөлтүрөгөн кыз эле. Элесибизде ошонусу кала берди. Ажал айттырбай келет экен да. Келечекте мугалим болом деген максаты бар болчу. Курбуларынын айтымында, Стамбулду көрсөм дечү экен.

Суук кабарды укканда ишениш аябай оор болду. Каза болордон мурда эле жолугуп, 2-3 күн чогуу болгонбуз. Таята, таенесинен да кабар алган эле. Анан кантип ишенели?! Аябай оор экен, жүрөгүм эзилди, 18 жаш деген эмне деген жаш. Арабызда жаркылдап жүрө берсе эмне, эч нерсени көрбөй кетти. Чачын жарашыктуу өрүп күйөөгө узатабыз дедик эле... Ал күнгө да жетпей калдык.

Ушунча кишини чыркыраткан алтыным, ай. Өмүрүң кыска тура. Нурайкам, жаркылдагым, сага эмне мактоо айтсак жарашат!" - деп эскерди.


Нурайым Аманкалиева мектепти артыкчылык менен бүтүргөн. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине мугалимдик адистик боюнча билим алып жаткан. Окуу онлайн болгондуктан ал убактылуу иштеп жаткан.

"Нурайым туруктуу иштечү эмес. Окуу онлайн болгондуктан убактылуу иштеп жүргөн. Негизи 3 агасы бардык нерсе менен камсыздап турушчу", - деди ал.

10-январда Каракол шаарындагы "Макиш" базарында жайгашкан жалпы аянты 20 чарчы метр болгон “Кыргыз Бургер” тез тамактануучу жайы күйгөн. Өрт болгон жерде газ баллон жарылган. Өрттүн себеби айтыла элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
14.01.2021. 20:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
722
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
24-01-2021 01:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан окунучтуу,жайы жаннаттан болсун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159798;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: