Болот Шамшиевдин жубайы: "Китептин бет ачарын кылабыз деп жатканда Болот ооруканага жатып, ал жактан чыкпай калды"
Бүгүн, 12-январда Кыргыз улуттук китепканасынын жыйындар залында белгилүү кинорежиссёр, Кыргыз СССРинин эл артисти Болот Шамшиевдин акыркы жазган "Каба-Жоо-Жүрөк" кинороманынын бет ачар аземи өтүп жатат. Анда режиссёрдун жубайы Ая София Шамшиева китеп тууралуу айтып өттү.
"Каба-Жоо-Жүрөк" китеби Болот өзү чыгарган. Китептин бет ачарын кылабыз деп даярданып жатканда Болот ооруканага жатып, ал жактан чыкпай калды. Ошентип азыр биз китеп тууралуу коомчулукка айтып коёлу деген максатта аталган иш-чараны өткөрүп жатабыз. Китеп болгону 500 нускадан чыккан. Аны каза болгондо көп досторуна тараттык. Азыр 100гө чукул эле нуска калды.
Болот көп жыл иштебей үйдө отуруп калды да. Мындай киши иштебей жөн эле отура бербейт экен. Үйдө башка ар кандай темада жазган чыгармалары бар. Бул киши жеңил темада жазбайт да, тарыхый, күчтүү темаларда жазган. Кудай буюрса, амандык болсо, башка чыгармаларын чыгарабыз", - деди режиссёрдун жубайы Ая София Шамшиева.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-январда "Кыргыз керемети" учурунун таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр, Кыргыз СССРинин эл артисти Болот Шамшиев тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.






1 |