super.kg logo

"Жашыл энергетика" коомдук фондунун төрайымы: "Абанын булганышына өкмөт күнөөлүү"

 

Бүгүн, 12-январда "Ыштын көйгөйү, кайсы мамлекеттик органдар элдерди ууландырууда жана алар кимдин кызыкчылыгына иштейт?" деген аталыштагы маалымат жыйыны өттү.

Ага ылайык, "Жашыл энергетика" коомдук фондунун төрайымы Анара Султангазиеванын айтымында, абанын булганышына өкмөт күнөөлүү.

"Биздин жолугушуубуздун бирден-бир себеби кир аба, буга биздин мамлекеттин аткаминерлеринин алсыздыгы, жоопкерчилигинин төмөндүгү жана аткезчилиги түткү болууда. Каражат жок, анан башка жок деген бул куру шылтоолор. Абанын булганышына биринчиден өкмөт күнөөлүү, анан мэрия ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, мындан сырткары ЖЭБ күнөөлүү. Жакында ЖЭБдин бир күнөөсү ачылды да жанагы бышпаган чийки, ыштылуугу өйдө, нымдуулугу 50 пайызды түзгөн Кара-Кеченин көмүрүнөн 1 миллион 200 тоннаны жакканы аз келгенсип, аны лабораториясынан өткөрүп талапка коюлган тийиштүү параметрлерин чыгарбай туруп эле жага беришет экен. Экология агенттигинен экологиялык атайын техпаспортун жаңырта албаптыр, анысы жок эле иштеп жатышат. Эмне десе элге жылуулук керек. Бул түшүнүктүү бирок былтыр көмүрлөрдүн сапаты талапка жооп бербеген үчүн 14 миллион сом айып алган, быйыл ал 47 миллион сом болду, бул деген көмүрдүн сапаты барган сайын начар дегенди билдирет. Билип туруп эле кылып жатышат, уулу заттар менен дем алып жатканыбызды силер деле билип атасыңар да. Мындан тышкары дизель менен жүрүүчү оор жүк ташуучу унааларды борборго киргизбөө керек, дагы көп эле себептери бар", - деп билдирди Султангазиева.

Ошондой эле ал күйүүчү май боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевге кайрылуу жолдогонун билдирди. Анын айтымында, эгерде финансы полициясы тийиштүү иштерди алып барбаса УКМКга, прокуратурага чейин барып, ишти аягына чыгарарын белгиледи.

"Биздин мамлекетте К2, К3 үлгүсүндөгү күйүүчү майларды азырынча өндүрүүгө болот, бирок алып киргенге тыюу салынган. Муну өткөндө экономика министринин башчысы жана анын орун басары ЖМК өкүлдөрүнө тастыктаган. Бирок башка Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети документ аркылуу биздин мамлекетке жылына 450 миң тонна дизель отунунун К2,К3 классындагы эки отунду расмий түрдө эле мыйзамга карабай эле алып киришет экен. Буга далил катары менде 2019-2020-жылы кол коюлган документтердин көчүрмөсү бар. Ошол себептүү мен финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевге өзүмдүн атыман арыз менен кайрылдым.

Өткөндө Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менин колуман келбейт деп, ыш менен күрөшө албай жатканын ачык эле жарыялады. Мындан сырткары ыйгарым укуктуу экология жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси "биз сунуш берүүчү эле органга айланып калдык, көзөмөл функцияларыбыздын баарын тарттырып жибергенбиз, аны башка органдарга бөлүп берип койгон анын себеби ушул аткезчилик" деп айтышты. Учурдан пайдалынп мен Сыймык Жапыкеевге кайрылып кетет элем, ушул ишти аягына чыгарыңыз", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159664;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: