super.kg logo

"Болот агайдын камерасы токтоп калганына аябай ичим күйөт" дейт Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова

 

Бүгүн, 12-январда Кыргыз улуттук китепканасынын жыйындар залында белгилүү кинорежиссёр, Кыргыз СССРинин эл артисти Болот Шамшиевдин акыркы жазган "Каба-Жоо-Жүрөк" кинороманынын бет ачар аземи өттү. Анда режиссёрдун замандашы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова Болот Шамшиев менен "Ак кеме" тасмасында чогуу иштешип калганын, анын билими бийик инсан экендигине токтолду.

"Бул жерде бир четинен сүйүнүп, бир чети ичим күйүп турат. Бир чети сүйүнгөнүмдүн себеби Болот агай кыргыз эли үчүн керемет, бийик чыгармаларды жаратты. Ошон үчүн сүйүнүп турам. Ал эми ичим күйүп турганы Болот агайдын талантын баалай албай, башка нерсеге аябаган каражатты кинодон аяп, канча кинолору тартылбай калды. Болот агайдын камерасы токтоп калганына аябай ичим күйөт.

Мен аз да болсо "Ак кеме" тасмасында Бекейдин ролун жаратып жатып иштешип калгам. Чыңгыз Айтматов менен Болот Шамшиев чыгарган кино дүйнө жүзүнө кыргызды ким экенин таанытты. Кино аркылуу дүйнө кыргыздын кызы, чалы, кемпири ким экенин билди. Тасмага тартылып жатканда Болот агайдын билимине таң калар элем. Билими бийик, жүрөгү таза болчу. Кыргыз элинде мыкты таланттар абдан көп, ошолорду көтөрө билеличи", - деди Назира Мамбетова.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-январда "Кыргыз керемети" учурунун таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр Болот Шамшиев 80ге чыкмак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159664;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: