УКМК Баткендеги жаратылыш газынын мыйзамсыз сатылышы боюнча маалыматты четке какты
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусунда жаратылыш газынын мыйзамсыз сатылышы боюнча маалыматты четке какты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну А.Тнын жаратылыш газын Өзбекстанга мыйзамсыз сатканы боюнча тараткан видео кайрылуусуна реакция жасады.
"УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул маалыматты текшерүүнү УКМКнын облустук башкармалыгына тапшырган. Анын натыйжасында маалымат чындыкка дал келбегендиги аныкталды. "Северный Сох" жер астындагы газ сактоочу жай жана үч газ бөлүштүрүүчү пункт "Өзбекнефтегаз" улуттук холдинг компаниясынын балансында. 2010-жылга чейин аталган газ сактоочу жайлар коңшу республика тарабынан Өзбекстандын Бухара облусунан келип жаткан жаратылыш газын сактоо жана бөлүштүрүү максатында колдонулуп келген. Учурда Северный Сохтогу газ сактоочу жайдын жер алдындагы суу сактагычтарында газ сакталбайт. Анткени клапандар эки тараптан тең жабык", - деп жазылат маалыматта.



