super.kg logo

Боронов 5 сааттан ашык сурак берди. Ага-ини Жээнбековдор соттук отурумга келген жок. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын жыйындысы бир шилтемеде

 
Бүгүн, 12-январь, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов 5 сааттан ашык сурак берди

Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына сурак берип чыкты. Сурактан кийин ал журналисттердин суроосуна жооп берди.

Бороновдун айтымында, ал суракка күбө катары чакырылган.

"Пандемия боюнча суроолор, тактай турган жагдайлар бар экен. Ошолор боюнча сурак бердим. Толугураак айта албайм, анткени тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу суракта айтылган маалыматтарды ачыктабайм деп кол коюп бердим. Суракка күбө катары келдим, мындан ары чакырбайт деп үмүттөнөм. Гуманитардык жардам катары келген каражаттар тууралуу отчёттор берилген. Баары ачык айтылган. Ал эми кимге канча каражат бөлүнгөнү боюнча маалыматтарды жарыялабоону жабырлануучулар өздөрү суранган. Ошондуктан бул маалыматтар айтылган эмес", - деди Боронов.
Буга чейин экс-премьер-министр Кубатбек Боронов суракка чакырылганы айтылган.
Кубатбек Боронов 17-июлдан 9-октябрга чейин премьер-министрлик кызматты аркалап келген.
Ага-ини Жээнбековдор соттук отурумга келген жок

Бүгүн, 12-январда Жогорку Сотто Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровдун мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы моралдык зыян келтирүү боюнча өкүмүнө даттануусу каралып жатканы маалымдалган.

Бул иш боюнча сот өкүм чыгарып, анда иш боюнча экинчи инстанциянын чыгарган чечими күчүндө калганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Абдылда Капаровдун жактоочусу Майрамбек Жумабеков төмөндөгүлөргө токтолду.

"Бүгүн, 12-январда Жогорку Сотто Абдылда Капаровдун даттануусу боюнча процесс саат 10.30да башталган. Ага мурдатан эскертилип, чакыртылган Жээнбековдор келишкен жок. Бирок жактоочусу жана алардын атынан келген өкүлү катышты. Биз бул иш боюнча бардык жүйөлөрдү келтирдик. Мурдагы инстанциянын Капаровго карата чыгарган чечими негизсиз экенине далилдерди бердик. Жогорку Сот баары бир буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырып койду. Абдылда Капаров күнөөлүү болгондой болуп калды" , - дейт жактоочу Жумабеков.

Эске сала кетсек, Жогорку Соттун соттук коллегиясы Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровго байланыштуу материалдын ишин 2020-жылдын 16-декабрында карап баштаган. Анда мурдагы өлкө башчы Сооробай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жабырлануучу катары чакырылганы маалымдалган.

2010-жылы Капаров ал кездеги Ош облустук администрациясын жетектеп турган Сооронбай Жээнбековду 3 миллион долларды өзүнө ыйгарып алды деген маалыматы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Анда Капаровго карата "Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо", "Этностор аралык, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2017-жылы Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдорго моралдык зыян келтиргени үчүн төлөп берүүгө милдеттендирилген 250 миң сомго жакын каражатты төлөп бербегени үчүн кайрадан соттолгон.

Жакында бир катар кызмат адамдары суракка чакырылат

Бүгүн, 12-январда Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев жакында бир катар кызмат адамдары суракка чакырыларын, алардын иштери тергелерин айтты.

"Пандемия учурунда өзүңөр билгендей миңден ашык адам каза болду. Бир үй-бүлөдөн 3-4 адам каза болгон учурлар да болду. Ушуга жол бергендердин баары камалат. Мухаммедкалый Абылгазиев 1-2 жолу сурак берди. Азыр коронавирус менен ооруп жатыптыр, ошондуктан кийинки сурактарга келе алган жок. Кубатбек Боронов сурак берүүдө. Алтынай Өмүрбекова суракка келет. Саламаттыкты сактоонун 2 министринин жоопкерчилиги каралып жатат. Бир аз күтө турсаңар баарын ачыктайбыз. Азыр тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайм. Пандемия учурунда гуманитардык жардамга келген акчалар айлык берүүгө бөлүнүп кеткен учурлар бар экен. Мунун баары тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөрдүн баары камалат. Жалпылап айтканда, 2 премьер, 1 вице-премьер жана саламаттыкты сактоонун 2 министри суракка чакырылып, жоопкерчилиги каралат. Булар негизгилери. Мындан сырткары да бир топ кызмат адамдарын суракка чакырып, аткарган иштерин иликтейбиз. Күнөөлөрү аныкталса сөзсүз түрдө жазасын алышат", - деди Жапыкеев.
Садыр Жапаров инаугурациядан кийин өкмөт башчылык милдетин тапшырат

Садыр Жапаров президенттик инаугурациядан кийин өкмөт башчылык милдетин өткөрүп берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров шайлоодон уткандыгы расмий жарыяланса, өкмөт башчылык кызматына кайтып келбейт.

"Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир айдын ичинде инаугурация өтөт. Шайлоого чейин Садыр Жапаров өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтотуп турган. Бирок ал азыр деле премьер-министрлик статуста турат. Инаугурация өткөн соң, ал бул ыйгарым укуктарын биротоло токтотот", - деди Бактыбек Рысалиев.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров октябрь окуяларынан кийин өкмөт башчы, кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдында өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын вице-премьер-министр Артём Новиковго өткөрүп берген. Президенттин милдетин аткаруу Талант Мамытовго тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2021. 19:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
268
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
22-01-2021 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой эле нерсе го, мыйзамга баш ийбегендерди колу бутун байлап алып келгиле да. Анан келбей койду деп аларды эркелетип олтурбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159664;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: