Милициянын кайгуул кызматы алыскы каттамга каттоочу таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө




Милициянын кайгуул кызматы алыскы каттамга каттоочу таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Жол транспорт кырсыктарынын алдын-алуу жана аны болтурбоо максатында Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан сырткары башка облустарга каттаган таксилердин айдоочуларына жеринен барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Авто унаалардын техникалык абалын, кышкы дөңгөлөктөрүн, жарык берүүчү каражаттарын текшерүүгө алышып, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүдө.
Буга чейин да кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан атайын алыскы каттамга каттоочу таксилер үчүн журнал ачылып, ал журналга бардык шаарга кирген жана шаардан чыгып жаткан таксилер катталып турган. Бүгүнкү күндө да аларды көзөмөлдөө менен текшерүү иштери жүргүзүлүүдө деп жазылат маалыматта.



