super.kg logo

"Ухан вирусу": Коронавирустан сутка ичинде дүйнөдө 17 миңден ашык адам каза болду

 

Бүгүн, 13-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 91 миллион 559 миң 238 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 50 миллион 587 миң 19 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 961 миң 130 (+17187) адам илдеттен каза болгон.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 22 миллион 835 миң 71 болду. 380 миң 555 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 479 миң 179 адамдан аныкталды. 151 миң 327 адам каза болсо, 10 миллион 111 миң 294 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 8 миллион 195 миң 637 адам вируска кабылган. 204 миң 690 бейтап көз жумса, 7 миллион 284 миң 945 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
160102;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: