Медициналык академиянын студенттери экинчи семестрден баштап кадимки тартипте окуй башташат
Жогорку окуу жайларынын акыркы курстагы студенттери жана медициналык академиянын бардык студенттери экинчи семестрден баштап офлайн окуп баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында билдирди.
"ЖОЖдордогу окууну офлайн форматка өткөрүү үчүн эки алгоритм иштеп чыктык. Жогорку, орто жана кесиптик окуу жайлар өздөрүнүн графигине жараша жазгы семестрди баштайт. Бирок акыркы курстар, магистранттар, медициналык окуу жайлардын студенттери офлайн форматта окушат. Алгоритмге ылайык санитардык нормаларды сактоо зарыл. Ал эми лекциялык сабактар аралыктан өткөрүлүп, гуманитардык багыттагы билим алган студенттер аралыктан окуйт. Ошондой эле чет өлкөлүк студенттер дагы аба жолдору ачылганга чейин онлайн окушат", - дейт Өмүров.
Министрдин орун басары форматка өткөн окуу жайларда ковид катталса окуу кайрадан токтотуларын кошумчалады.



