Буга чейин 12-январга караган түнү Ысык-Көлдүн Каракол шаарында облустук телеканалдын журналисти асынып алганы маалым болгон.
SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын билүү максатында маркумдун кесиптештери жана жакындарынан маалымат алды.
Каза болгон журналист Гүлбара Узакова 29 жашта болгон. Анын артында 3 баласы - 7 жаштагы уулу, 6 жаштагы кызы жана 1 жаш 6 айлык наристеси калды. Гүлбара айым Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын кызы болгон. Облустук телеканалда "Дүйнө кереметтери", "Атайын чыгарылыш" берүүлөрүн, саясий өңүттөгү жаңылыктарды жасап келген.
Кесиптештеринин айтымында, Гүлбара айым акыркы күндөрү маанайы жок, жан дүйнөсүн бир нерсе кыйнагандай болуп жүргөн.
"Ыр жазып, созолонто обон созуп ырдап да калчу. Колунан көөрү төгүлгөн уз, мээримдүү эне, асыл жар болчу. Үй-бүлөсүн, балдарын биринчи орунга коюп, мыкты жубай болчу. Кайын журтум келет экен деп чуркап, дасторконун даярдап тосуп алчу. Кийинки убактарда безеленип учуп-күйүп, тиги жумушумду бүтүрүп келе калайын, муну бүтүрүп келе калайын деп бир ордунда турбай унаасын айдап алып шашып эле жүрдү. Акыркы күндөрү маанайы жок, ичинде бир нерсе кыйнагандай болуп жүргөнүн байкап калдык эле. Бизге жеткен маалымат боюнча, өлүмүнүн себеби белгисиз. Бирок ал болор-болбос нерсеге өз жанын кыйбайт эле деп жатабыз. Эч ким билбейт, бизде азырынча такталган маалымат жок. Эмнеден улам кырсык болуп кеткенин түшүнө албай айран-таң болуп жатабыз", - деп билдиришти бирге иштеген жакын санаалаштары.
Маркумдун жолдошу болсо 32 жашта токтоо адам экенин кошумчалашты. Гүлбара Узакованын сөөгү, бүгүн 13-январда жерге берилди.