super.kg logo

Садыр Жапаровдун уйкусу эмнеге качты? Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

 
Бүгүн, 13-январь, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
"Фейсбук кадрлар бөлүмү" Артём Новиковдун азыркы ордунда калуусун каалайт
Өлкөдө президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөнүнө 3 күн болуп калды. Ал арада Фейсбукта кадр маселеси башталды. Колдонуучулар премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артём Новиковду өкмөт башчылыкта калтыруу боюнча пикирлерин жазышууда.
Социалдык тармактын Орозбек Осмонов аттуу колдонуучусу Новиков боюнча Садыр Жапаровго кайрылган.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз жараны катары премьер-министрликке Артём Новиковдун калышын сизден суранам. Мүмкүнчүлүк бериңиз. Жыйынтык кылат деп ишенем. Достор, келиңиздер биргеликте колдоп жеткирели! Бөлүшүп, комментарий жазып койгулачы".
Дагы бир Мекенчил бол аттуу колдонуучу: "Артём Новиков жакшы иштеп жатат, тууган-туушкан деген жок. Ордунда эле калып иштей бергени оңбу? Силер кандай ойлойсуңар?" - деген билдирүүсүн калтырган.
Алтын Абдалиева аттуу колдонуучу дагы Садыр Жапаровго кайрылган: "Урматтуу Садыр Нургожоевич! Артём Новиков ишинде жакшы жактарын көрсөттү. Анын премьер-министрликте калтырууну суранабыз! Анткени анын тууган-туушкандары жок", - деп жазган
"Артём Новиков өзү эле ылайык, жакшы иштеп жатат, убакыт берүү керек!", "Новиков калыш керек, башкалары кереги жок. Келгилери келсе Новиковго орун басар болушсун", "Иштесин, негизгиси Новиков түндүк-түштүккө бөлбөйт" байма-бай жазылууда.
Садыр Жапаровдун уйкусу эмнеге качты?
Садыр Жапаров президенттик шайлоодон кийинки алгачкы маегин "Россия 24 каналына берди. Маекте Жапаров эл өзүнүн тандоосун жасаганын белгилеп, мындан ары митингдер болбошу керек деген пикирин билдирди.
"Эл ар кандай толкундоолордон тажады жана кыргыз эли өз тандоосун жасады. Андыктан жакынкы арада эч кандай митинг болбошу керек. Анткени азчылык көпчүлүктүн пикирин сыйлоосу кажет. Ал эми көпчүлүк өзүнүн тандоосун жасады", - деди Жапаров.

Мындан сырткары ал президенттик шайлоо жана референдум таза өткөнүн айтты.

"Президенттик шайлоо өтө ачык-айкын жана таза өттү, муну байкасаңыздар керек. Биз парламенттик шайлоого да административдик кысым көрсөтпөстөн, пара талап кылбастан, мыйзам чегинде таза өтүшү үчүн бара жатабыз. Ал эми административдик ресурстарды колдонгондо же паракорчулукту уюштурганда нааразычылык жана элдик толкундоолор башталат. Биз аны үч жолу көрдүк. 30 жылдын ичинде эл үч жолу революция жасады. Келечекте биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан таза шайлоо өткөрүүгө убада берем", - дейт Жапаров.

Садыр Жапаров өз маегинде элдин, мамлекеттин тагдырын ойлоп түнү менен уктай албай жатканын кошумчалады.

"Шайлоочулардын 84 пайыз добушун алуу - бул өтө чоң жоопкерчилик. Чынын айтсам түнү менен уктай албай чыгып жатам. Уйкум келбей жатат. Кечээ күнү түнү менен уктай албай чыктым. Түнү менен элдин, мамлекеттин тагдырын жана экономика жөнүндө ойлонууга туура келип жатат", - деди ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер көтөрүлдү

Депутат Саматбек Ибраев чек арада ызы-чуу чыкканда ишкерлер товарларын өткөрө албай калышарын айтып, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрүнө кайрылды.

"Бардык ызы-чуу чек арадан башталат. Мына жаңы президент келди. Ал кишинин дагы коррупцияны жок кылабыз деген ойлору бар. Коррупциянын баары Бажы кызматынан башталат. Мыйзамдарды шериктеш өлкөлөр менен шайкештикке келтирүү керек . Мыйзамдарды тез аранын ичинде алып келишиңер шарт", - деди Ибраев.

Аалы Карашев Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин жетекчиси бюджет тууралуу туура эмес маалымат берип жатканын айтып, аны сындады.

Аталган мекеменин директору Мария Алыбаева аталган тармакта иштегендердин айлык маянасы 7-8 миң сомдун тегерегинде экенин белгилеп, бюджети 24 миллион сом экенин айтты.

Карашев ага "535 кызматкер иштейт дедиңиз. Алар 7-8 миң сомдон айлык аларын да билдирдиңиз. Эсептесек айлык маянага жыл сайын 50 миллион сомдон ашуун каражат кетет экен. Андыктан маалыматты так билбесеңиз, бюджет тууралуу туура эмес жооп бербеңиз", - деп нааразычылыгын билдирди.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева архивдик фонддордогу документтерди санариптештирүү маселесин көтөрдү.

“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоору коррупциялык жагдайларга бөгөт коюу максатында редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталганы айтылды.

Депутат Аалы Карашев Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик архив мекемелеринин канчасы талапка жооп бербей тургандыгын так көрсөтүү керектигин белгиледи. "Көпчүлүгүнүн имараты эски, маалыматтардын сакталышы үчүн кооптуу. Андыктан ачык айтып, аны чечүү жолдору сунушталышы шарт", - деди.

Куттуктоолордун аягы тыйыла элек

Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен бир топ өлкөлөрдүн башчылары куттукташууда. Буга чейин Орусия, Казакстан өңдүү өлкөлөрдүн президенттери куттуктаса, соңкулардан болуп, Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган куттуктады.

Си Цзиньпин "Мен сиздер менен эки өлкөнүн жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн биргелешип кызматташтыкты чыңдоого даярмын", - десе, Эрдоган Садыр Жапаровго ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн достук мамилесинин андан ары өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирди.

Ал эми Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин президенттик шайлоонун жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен Талант Мамытовду куттуктады.

"Кыргыз мамлекетинде иш алып барган байкоочулар, анын ичинен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясынын миссиясы шайлоо ачык-айкын, атаандаштыкта өткөнүн белгилешти", - деди Вячеслав Володин.

Ошондой эле тараптар Кыргыз мамлекети менен Орусиянын парламенттер аралык байланышын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
13.01.2021. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
349
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
22-01-2021 18:21
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз эгемен олкобуз. Орустун жанында журсон балта чотунду ала жур дейт. Кыргыз тугонуп калдыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159913;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: