Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында айылдын имамы жашы жете элек 16 жаштагы кызды документин карабай, 18 жашка толгонун сурабай жана нике китепке каттабай нике окуган деп айыпталып, 3 жылга эркинен ажыратылды. Себеби айыпталуучу молдо жабырлануучунун жаш курагына жете электигин сурабай туруп, нике окуган. Өкүм жогорку соттун расмий сайтына 11-январь күнү жарыяланды.
Айыпталуучу молдо тууралуу:
Молдо 34 жаштагы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында туулган, учурда Жандама айылында жашайт. Улуту өзбек, билими орто, үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес, Кыргыз жараны.
Окуянын чоо-жайы:
Айыпталуучу имам өзүнүн айылдашы Жандама айылынын тургуну 1998-жылы туулган М.М. менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну жашы жете элек 16 жаштагы М.Н.нын 18 жашка толгон же толбогонун сурабай жана аты-жөнүн тастыктоочу паспортун карабай нике окулуучу китепке каттабай никесин окуган.
Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алган
Соттук отурумда айыпталуучу имам күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, иш боюнча айтып берген. Анда октябрь айларында кошунасынын баласы үйлөнүп үлпөт тою болуп жатканын, ошол күнү тойдо кызмат кылып жүргөнүн кечинде үйгө кирип жатканда ага артынан кошунасы келип уулу менен келининин никесин окуп бер деп суранганын айтканын, ал никелерин окуганга макул болуп окуп бергенин айтып көрсөтмө берген.
Жабырлануучу имамдын күнөөсү жок деп эсептейт
Соттук отурумда жабырлануучу Н.М. аттуу өспүрүм окуя боюнча айтып, анда 9-май күнү майрамды чоң энесинин үйүнө барып тосконун, ошол күнү Сахаба эс алуучу жайына барышканын ал жерде кыдырып жүргөн кезде ошол эле айылдын тургуну менен таанышып калганын, аны менен телефон аркылуу байланышып жүрүшкөнүн, бала үйдөгүлөр үйлөн деп жатканын айткан. Кийин бала ата-энесин ага жибергенин, алар макулдугун беришип той болгон күнү ошол эле айылдын тургуну имам келип алардын никесин окуганын, кийин имам кыздын жашы жете элек экенин билгенин, анын эч кандай күнөөсү жок экенин айтып көрсөтмө берген.
Өкүм:
Бул факты 2020-жылдын 2-сентябрь күнү катталган. Сот айыпталуучунун жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, тараптардын сөздөрүн угуп көрүп чечим чыгарат. Мында келтирилген далилдер бири-бирине каршылыгы жок, бири-бирин толуктап, иштин жагдайларын аныктап турат жана ал далилдерге ишенбөөгө сотто негиз жок.
Тергөө органы тарабынан айыпталуучу имамдын аракети 178-беренеси менен квалификацияланган, башкача айтканда, алардын аракеттери “нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган адам, ал эми ошол диний ырым-жырымдарды жасаган жашы жеткен адам болуп саналат.
Бул себептен имамды сот күнөөлүү деп таап 3 жыл эркинен ажыраткан. Айыпталуучуга мунапыс мыйзамы колдонулуп, жазадан бошотулган.