Белгияда расизмге каршы нааразычылык акциясы өтүп жатат

Белгияда теги африкалык болгон 23 жаштагы Ибрахим Барри аттуу жарандын өлүмүнөн кийин, полиция мекемесинин алдына нааразычылык акциясы башталды. Акцияга чыккандар полицияга таш ыргытышып, аталган аймакка өрт коюп жиберишти. Бул тууралуу чет элдик мааылмат булактары жазышууда.

Ага ылайык, жүздөгөн адамдар көчөлөргө чыгып, полиция кызматкерлерине таш ыргытышты. Митингге чыккандар укук коргоо органдары менен кагылышууга чейин барышты.

Белгия полициясы кызматынын маалыматына ылайык, Ибрахим Барри өткөн аптанын ишемби күнү коменданттык саатты бузгандыгы үчүн кармалган. Ал кармалган соң бир саат убакыт өтпөй эс-учун жоготуп, тилекке каршы, анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Аталган факты боюнча Белгия прокуратурасы изилдөө иштерин баштады. Каза болгон жарандын адвокаты анын өлүмүнө расизм себеп болгон деген ойдо.

Белгияда расизмге каршы нааразычылык акциясы өтүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан