Бишкекте баллон жана желим баштык менен муз тээп ар кандай жаракат алган 120 бейтап дарыланууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги баллон жана желим баштык менен муз тебүүдө коркунучтар көп экенин эскертет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик муз тебүүгө барып, жаракат алып ооруканага түшкөндөр көп экенин айтат.

"Муз тебүүдө көбүнчө омурткалар жабыркап, бул келечекте майыптыкка алып келиши мүмкүн. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө эс алуудан ар кандай жаракаттарды алган 120 бейтап дарыланууда. Алардын көпчүлүгү баллон жана желим баштык менен муз тебишкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-01-18 22:19:09
Кобуроок бассеиндерди курсак жакшы болмок.Ден соолукка пайдалуу.Кышкысын да жайында да тушконго ынгайлуу кылып,чонтоко да ынгайлуу кылып.Ар бир айыл окмотуно бирден курулса деп ойлоймун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан