Өкмөт электр энергиясынын баасын көтөрө турган болууда. Муну менен өкмөт мурунку бийликтин катасын кайталаганы жатат дегенге кошуласызбы?

Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт электр энергиясынын баасын көтөргөнү жатат. Бул аптада энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бааны 50 тыйынга көтөрүү пландалып жатканын айтты. Долбоор ишке ашса, карапайым калк электр жарыгы үчүн азыркыдай 70 тыйындан эмес, 1 сом 20 тыйындан төлөй баштамакчы. Министрдин айтымында, бааларды кымбаттатмайынча тармактагы көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес экен. Элдин эсебинен көбүрөөк акча жыйнап, энергетикадагы жыртыктарды бүтөйбүз деген позицияны карманууда министрлик. Демилге Жогорку Кеңешке сунушталып, эгер колдоо тапса, электр жарыгына жаңы баа коюлганы турат. Өкмөттүн бул аракетин сындагандар четтен чыгууда. “Азыркы өкмөт мурунку бийлик эмне болуп өлкөдөн куулганын эсинен чыгардыбы?” дегендер көп. Бул боюнча айрым инсандардын пикирин сурадык.

 

Өкмөт электр энергиясынын баасын көтөрө турган болууда. Муну менен өкмөт мурунку бийликтин катасын кайталаганы жатат дегенге кошуласызбы?

 

Расул Умбеталиев, серепчи:

- Өткөндү эске салалы. 2010-жылдын 1-январында электр энергиясына баанын кескин түрдө көтөрүлүшү Кыргызстандагы абалды курчутканы белгилүү. Азыркы бийликте отургандар, ошол учурда баанын көтөрүлүшүнөн аябай эле пайдаланышкан. 3 жыл өтүп-өтпөй энергетика министрлери Аскарбек Шадиев, Автандил Калмамбетов бааны көтөрүү керектигин айтып чыгышты. Эми минтип азыркы министр Осмонбек Артыкбаев бааны көтөрөбүз деп жатат. Баанын кымбатташына толугу менен каршымын. Акчаны элдин эсебинен жыйнабай, коррупциялык схемаларга бөгөт коюп, мамлекеттик сатып алууларды жасоодо коррупцияга жол бербей таза иштеп казынага акча түшүрүшпөйбү? Башкаруу тармагында тажрыйбалуу, таза адамдар иштесе, энергосистемдеги абал бат эле оңолот. Бааны көтөрүүгө азыр эч кандай негиз жок. Эгер бааны көтөрсөк, энергетикадагы азыркыдай уурдап-тоноолорду, коррупцияны мыйзамдаштырып койгон болобуз. 

 

Эркингүл Иманкожоева, ЖКнын депутаты:

- Азыр бааны көтөрүү маселеси жок. Буга чейин өкмөт менен сүйлөшкөндө электр энергиясынын баасын көтөрбөй турган болуп макулдашканбыз. Мейли, өкмөт бааны көтөрүү сунушу менен парламентке келет, бирок биз баары бир макулдук бербейбиз. Чынында эле электр жабдууларын, аба чубалгыларын алмаштыруу керек. Муну эл деле билип турат. Бизге салыштырмалуу башка өлкөлөрдө электр энергиясы абдан кымбат. Менимче, бааны 1-2 жылдан кийин көтөрсө болот. Жаңы ишканалар ишке киргизилсе күч келип, чубалгылар кубаттуулукту көтөрө албай калышы мүмкүн. Бул маселени чечүү үчүн бааны бир аз көтөрсө болот, бирок азыркы учурда эмес.

 

Айбек Мырза, активист:

- Менимче, электр энергиясына болгон бааны көтөргөндөн мурда жогору жактагы коррупционерлерди жок кылыш керек. Өкмөт энергетика тармагын тазалап, иретке келтирүү менен акча чогултууга басым жасашы зарыл. Буга чейинки коррупциялык иштерге катышы барларды жазалаш керек. Бирок баа көтөрүлсө, 2010-жылдагыдай окуялар кайталанат деп айтуу кыйын. Эл арасында кандайдыр бир нааразычылыктар болот. Элди иш менен камсыз кылып, айлыгын көтөрсүн. Кызматкерлерге аз гана айлык берип туруп бааларды асмандатуу - катачылык.  

 

 

 

Өмүрбек Абдрахманов, ЖКнын депутаты:

- Бааны көтөрүү менен өкмөт мурунку бийликтин катасын кайталап калышы толук мүмкүн. 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын бирден-бир себеби да электр энергияга болгон бааны көтөрүү болгону белгилүү. Энергетка тармагындагы коррупциялык иштерди жоюш керек. Президент  Алмазбек Атамбаев өзү да азыр деле Ширшовдун схемасы иштеп жатканын айтты. Эмне үчүн жок кылбайт аны? Аны жок кылбай туруп бааны көтөрүү дагы бир революцияга алып келиши мүмкүн. Энергетикадагы көйгөйлөрдү чечүүгө акча жетишпейт дешет, биринчи өздөрү уурдаганды токтотушсун. Керек болсо депутаттар баш болуп электр жарыгын уурдап пайдаланат. Былтыр айрым депутаттардын миңдеген сом төлөбөй жатканы билинип калып, кийин төлөп берүүгө аргасыз болушкан. Мындай көрүнүштү жок кылбай туруп бааны көтөрүү эл арасында толкундоо жаратышы ыктымал.

  

Кубан Абдымен, серепчи:

- Өкмөт бул аракети менен мурунку бийликтин катасын кайталап алуу коркунучу бар. Бирок ал кездеги бийликтен айрымаланып өкмөт азыр алдын ала элге түшүндүрмө берүүгө аракет кылып жатат. Бирок буга карабай нааразы болуп чыккандар көп болот деген күмөн саноо бар. Эгер келечекти ойлосок, анда энергетика тармагын сактап калышыбыз зарыл. Бааны көтөрүү азыркы учурда туура эмес, кийинчерээк баштаса болот. Электр жарыгын абдан көп колдонгон кардарларга баа сөзсүз кымбаттаса туура деген ойдомун. Бааны көтөрүүнү дароо эле карапайым калктан баштоого болбойт.  

 

 

 

 

Карыпбек Алымкулов, "Электр станциялары" ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы:

- Азырынча баа көтөрүлө элек, андыктан эл нааразы болуп көчөгө агылып чыгып кетет деп айтууга эрте. Электр энергиясына болгон баа көп жылдан бери өзгөрө элек. Ошол эле учурда көмүр, газ, мазут сыяктуу каражаттар бир топ кымбаттады. Муну нандын баасынын кымбаттаганынан эле байкаса болот. Кызматкерлердин айлыктары деле аз-аздан көбөйүүдө. Баа ушул бойдон калса, бүгүн болбосо эртең электр энергиясын өндүрүүчү, таратуучу каражаттардын баары эскирет, талкаланып авариялар болот. Эл чыдайбы, чыдабайбы, бир күнү баары бир бааны көтөрүүгө туура келет. Бул маселе боюнча эл да, энергетика тармагында иштегендер да жакшылап ойлонуп бир пикирге келиши керек. 

 

 

Азамат Аттокуров, активист:

- Эгер өкмөт бааны кескин түрдө жогорулатса, эл көтөрүлүп чыгат. Бул тармакта азыр уурулук жогорку деңгээлде, тактап айтканда, өндүрүлгөн электр энергиясынын 20 пайыздайын мамлекеттик мекемелер уурдап жатат. Менимче, бааны базар экономикасына ылайыктап коюу зарыл. Экинчиден, бизде электр энергиясы арзан болгондуктан, жарандар кышкысын үйлөрүн атайын жылуулашпайт. Чет өлкөдө электр энергиясы кымбат, ошондуктан биринчи кезекте алар үйдү жылуулашып, электр энергияны үнөмдөгөнгө аракет кылышат. Товар канчалык арзан болсо, эл аны каалагандай колдонуп баштайт же үнөмдөөгө аракет жасабай калат. Электр энергия - товар, баасын базар экономикасына карап көтөрсө элде үнөмдөө башталат. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан