Самара Каримова окуу жайга милиция кызматкерлери менен келип, директордун кабинетинин кулпусун алмаштырды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова окуу жайга милиция кызматкерлери менен келип, директордун кабинетинин кулпусун алмаштырды.

Ал жакта окуу жайдын кызматкерлери дагы болгон. Директордун кабинетин ачып киришкенде окуу жайдын кызматкери мурунку директордун бардык иш кагаздары кабинетте калганын эскертип, ал жакка кирүүдөн баш тартты.

Самара Каримова өткөн аптада Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалып, 15-январда эмгек жамаатка тааныштырылганы кабарланган.

Кечээ, 17-январда Самара Каримова окуу жайдын айрым кызматкерлерине карата арыз жазды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы тарабынан белгилүү болду.

"Кечээ кечинде Самара Каримовадан айрым кызматкерлерге карата арыз келип түштү. Анда сотто утуп алганына карабастан окуу жайдын айрым кызмат адамдары анын иштешине каршы болуп жатканы айтылган. Арыз каттоого алынып, учурда прокуратура менен сүйлөшүү жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз даярдалып жатканын, мыйзам талаасында иш жүргүзүлөрүн кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Aiymkunumjyldyzym
2021-01-18 22:30:24
К....м деп да койбойт го бул ого бетер кучоду го.
+27
Jelezo
2021-01-18 22:32:28
Соттун чечими аткарылышы керек,биздин соттор мыйзам менен иш алып барып калышты С.Жапаровду деле актап чыгарды го.
+5
gul3ina
2021-01-18 22:37:09
Уят деген жок экен да
+21
futboler
2021-01-18 22:37:22
Маданият өкүлдөрү маданияттуу болсо керек деп ойлойт элем, бири орун талашып, экинчиси сөгүнүп, кайсы бетиңер менен эл алдына чыгасыңар.
+35
alym21
2021-01-18 22:48:27
Олойун деп калгансынго,Самара.
+31
nuri9999
2021-01-18 22:58:33
Ааа Самаш бет бет эмес, бетон экен го...
+17
Belek1710
2021-01-18 23:05:32
Балким Самара кылбай эле А[moderated] жасап аткандыр баарын ким билет ким билет!
+5
NURSAPAR
2021-01-18 23:07:33
Тобоо,ушундай көк бет адам болобу... Креслосуз жашай албай калган го. Жактырбаган жамаат менен кантип иштешет. Ишин карап чыгып вообще жолотпош керек мындай адам сымалдарды....
+19
Aliumar15
2021-01-18 23:54:19
Тушунбойм сага не жетишпейт же аркы дуйного да алып кетейин дейсинби?сен иштеп атасын акчан болсо толтура берда башкаларда пайдалансын
+14
Nargiza1987k
2021-01-19 00:02:31
Просто уят
+13
Kari
2021-01-19 00:32:53
Nargiza1987k,уялганды билгенге уят.Уялбаган адамга короткон кайран гана соз.
+11
Birimdik5555
2021-01-19 00:31:03
Айланайын лампочкам президент ушу Самара менен чалын бир текшергилечи. Каяктан акча алып мынчалык кобуп атышат
+13
ika8086
2021-01-19 00:48:01
Министр кай жакты карап олтурат.Чыр менен келгендин иши илгери болбойт.Самарада билим жок болсо туалетте эле айкыра ырдап олтурса жарашат.
+14
Egizderim-baktim
2021-01-19 01:49:02
Оляя олдугоо бир жолу эле тырмышып. Экообуз тен болсок керек мен шугур директор болот элем дебей эле журомгоо сен да жур да эй жаштай болуп. 40.45жашка чейин мугалим болуп иштеп анан аракет кылсан боло, чуркап чыгып эле директор болом дебей
+15
PeRa
2021-01-19 03:05:29
Минтип отурса, жакында президент болом дейт болуш керек.
+11
TIMON_BERKOWITZ
2021-01-19 07:56:24
PeRa,Кудай сактасын!
+7
Mustafo
2021-01-19 09:22:51
PeRa,депутат болом деп да көрдү окшойт бул сулуу чымчык , ушуга окшогон билимсиздер башкарып ушул күнгө туш келдик , көчүп эле кетиш керек болуп калды өзү Кыргызстандан.
+6
Mustafo
2021-01-19 08:57:12
Мурдагы сулуу Самара эмес эле ,Жез кемпирге окшоп калыптыр
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан